www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Фани" бороону Индияда

Индияда көптөгөн күндөрдөн бери тынчсыздануу менен күтүлүп жаткан «Фани» бороону кургактыкка жетти.

Метеорология  мекемеси бороондун Орисса жана Пурри аймагынын жакындарында саатына 180 километр ылдамдык менен кургактыкка жеткендигин билдирди.

Орисса аймагынын премьер  - министрлигинен берилген маалыматта да бороондон  таасирлениши күтүлүп жаткан аймактардан бир миллиондон ашуун кишинин аймактан чыгарылгандыгы билдирилди.

Өлкөдө 9 аймакта 10 миң айыл жана 52 райондун бороондон таасирленери белгиленип, бүгүн элдин үйлөрүнөн чыкпашы керектиги эскертилди.

Аймакта көп сандаган учак жана поезд каттамдары токтотулуп, мектептерде билим берүү токтотулду.

Жээк коопсуздук жана деңиз күчтөрүнүн ыктымалдуу апааттарга каршы жардам жана куткаруу операциялары үчүн кеме жана тик учарлардын бөлүнгөндүгү билдирилди.

Бороондун ылдамдыгы саатына 200 километрден ашышы мүмкүн экендиги белгиленди.

Кечээ саатына 200 километрди ашкан ылдамдык менен өлкөнүн чыгыш жээгине карай кеткен бороондон мурда өлкөнүн чыгыш жээгиндеги эки чоң портто бардык иштер токтотулуп, балыкчыларга да эскертүү берилген.

Андхар Прадеш жана Тамил Наду аймактарынын да бороондон мурда аракетке өткөндүгү билдирилген.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости