www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Калп-чынды кагыштырган Статкомитеттин жазгандарына караганда, Кыргызстан айлык акы жагынан шериктеш мамлекеттердин ичинен эң арткы саптарда болуп чыкты.
2019-жылдын январь-февралында ороточо айлык акы 15226 сом имиш. Буларың эл-журт аралабай эле асман-жерден алган маалыматтарын чабыштыра салып, балп эткизип коет тура. Эң көп айлыкты (33291 сом) каржы тармагында иштегендер алса, эң төмөнкү айлык депутат Садык Шер-Нияз жаны ачып айткандай, маданият кызматкерлери менен (8634 сом) билим берүү тармагында иштеген мугалим, тарбиячылардыкы (10612 сом) экен.
Бул көрсөткүч Россияга караганда 3 эсе, Казакстан менен Белоруссияга караганда 2 эсе, Арменияга караганда 1,5 эсе аз. Анан албетге, билимдүү да, билимсиз да жаштарыбыз менен адистерибиз Россияга, Казакстанга качат да. Кыргызстанда өндүрүш жок болсо, каржы тармагын кармагандар, бийликке аралашкандар, тендер, аукцион өткөргөндөр бюджетти да, гранггы да, кредитти да оңду-солду мойсой берсе, 15-20 жылдан кийин өлкөбүздө жалаң пенсионерлер менен окуучулар калары шексиз.
Кыргызстанда демографиялык жагдай 20-30 жыдда кандай болоорун изилдеп, кабатырланган өкмөт жок. Өндүрүшү жок өкмөткө, бир жылдан ашык иштей албаган өкмөткө баары бир да. Айла жок мигрант балдары менен неберелери салган акчага арзан азык-түлүк сатып алып, Ала Тоодо калган кары-картаңдар "туулган жерден топурак буйрусун" деп жашай беришет да.
Булак: “Ачык саясат”