www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эсеп палатасы 2017-жылкы транспорт министрлигинин жана анын структуралык бөлүмдөрүндөгү бюджеттик каражаттарды кандай пайдалангандыгын текшерип, төбө чачтары тик туруптур. Балыкчы - Чолпон-Ата – Корумду жолунда аткарылган иштер Бишкек- "Манас" аэропорту, Бишкек- Кара-Балта жолдоруна салыштырмалуу кымбат бааланган имиш.
Кыргызсгандагы коррупция ар бир иштин түйүлдүк кезинен башталат. Бул министрликте да коррупция долбоорлук-сметалык документациясын түзүүдөн башталат.
Анан кезек аткарыла турган иштерди баалоого жетет. Андан кийинки кезек аткарыла турган иштер боюнча тендер өткөрүүгө жетет. Ошентип кадам сайын пара. Ар бир кагазга кол коюунун өзүнчө тарифи бар. Министрдин орун басарынын "сени тендерге катыштырам" деп алган парасынын өлчөмү эсиңердеби?
Уран кенине лицензия бергенден кийинки эле ири коррупция ушул министрликте кылтыйып жаткан жокпу? Кыргызсгандын негизги кан жолу болгон Бишкек-Ош жолу менен бир эле жолу каттаган адам министрликтеги коррупциянын абалын бараткан машинасы чуңкурлардан "фигурное катание" болуп өткөндө але билсе болот. Суусамыр-Талас-Тараз, Баткен-Исфана жолдорун курган фирмалардагы ири коррупциялардын күнөөкөрлөрү качан кармалат?
Мурдагы министр Н.Сулаймановго ачылган кылмыш иши өмүр бою уйкуда жата береби? Ал киши Бакиевдин артынан Германиядан дарыланам деп кеткен бойдон келетекпи? Жол курганды билбесек, бюджеттен бир сом албай Талас-Чөңөр-Луговое, Чолпон-Ата - Алма-Ата аска жолдорун салдырган Тойчубек Касымовду таппайлыбы?
Булак: “Ачык саясат”