www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мен Кыргызстандын, Ысык-Көлдүн атуулумун. Оозубуз титирегичекти көлгө түшүп, жайлоодо жайдак ат чаптырып, ат-араба менен Караколдогу мал базарга барып, талаада эмгектенип чоңойгом.

Кийинчерээк Кудай жалгап, ошол кездеги Кыргыз-Түрк, азыркы Сапат лицейинде окуп калдым. Лицейдин таасирдүү системасынын жана балдар үчүн жан-дилин берген мугалимдеринин жардамы менен эң мыкты билим алдым. Химия билими боюнча республикалык Олимпиадалардан алдыңкы орундарды алып, Кыргызстандын намысын алгачкылардан болуп эл аралык

Олимпиадада коргоп келдик. Лицейди ийгиликтүү бүтүрүп, Түркиянын Босфор университетинде окуп калдым. Ал жерден Химия жана Физика билимдерин окуп, Америка Кошмо Штаттарынын алдыңкы окуу жайларынын бири болгон Миннесота университетинде бекер түрдө билим алууга жолдомо алдым. 5 жылдын ичинде Химил билими боюнча докторлукту ийгиликтүү жактадым. Азыркы учурда, илимий изилдөө жана жаңы технология боюнча дүйнөдөгү эң алдыңкы мекемеси саналган Беркелейдеги Калифорния университетинде жана Американын Беркелей Националдык лабораториясында физикалык химия жана нанотехнология боюнча илимий изилдөөлөрдү улантуудамын.

Буларды жазганымдын себеби мактануу эмес, киндик каным тамган, топурагы алтын Кыргызстаныма жана сүйүктүү кыргыз элиме пайдам тийээр бекен деген ой менен жазып жатам. Жакынкы убактагы, кен казуу боюнча ызы-чууларды угуп, катуу капаланып жаткан кезим. Колумдан келбесе дагы, химик катары бул тема боюнча пикиримди айтып, кичине болсо дагы туура маалымат берейин деген максат.

Кыргызстанда чет элдик, жеке менчик компаниялардын жардамы менен кен казууга, уран казууга таптакыр каршымын! Себеби, ток этер жери, азыркы учурда пайдасынан зыяны өтө кеп!

Биринчиси, жеке менчик компаниялар, өзгөчө чет элден келгендер, Кыргызстандын жана кыргыз элинин кызыкчылыгын ойлобойт. Азыркы капиталисттик системада, жеке менчик компаниялардын биринчи максаты бул акча табуу, пайда көрүү.

Экинчиси, бул проектер өлкөбүздүн укмуштуудай жаратылышына өтө чоң зыян келтирет, талкалайт. Ал эмес, абдан кылдаттык менен, туура иштетилген жерлерде, өнүккөн өлкөлөрдө дагы жаратылыш талкаланууда.

Азыркы учурда, Кыргызстанда бул компанияларды көзөмөлдөп, көзөмөлдөп, тартипке сала турган уюм да жок, техника да жок, кадр да жок. Уран жана башка ушул сыяктуу радиоактивдүү заттарды туура казып чыгарып, зыян келтирбей иштетиш жеке менчик компаниялар эмес, кээ бир өнүккөн өлкөлөрдүн колунан келбейт. Кыргызстан буга эч кандай даяр эмес.

Үчүнчүсү, Кумтөрдү өз көзүбүз менен көрдүк. Канчалаган зыян келтирди, канчалаган ызы-чууга себеп болду, бирок элибиз жыргап кеткен жок. Кыргызстандын экономикасына канча пайда келтирип жатканы да белгисиз. Балким, бир канча кишиге иш берди. Болгондо дагы өлгүдөй шартта иштешти, иштеп жатышат биздин атуулдар. Анча-мынча көргөзмөлүк проектерди жасап, жол жасап жөнөкөй элдин башын айландырат. Бирок, келтирген зыяны өтө чоң, өтө оор!

Төртүнчүсү, бардыгыбыз жакшы билгендей Кыргызстанда коррупция мойнубуздан ашат. Бул сыяктуу чоң проекттерден келген пайда кайда кетет, кантип колдонулат белгисиз.

Бешинчиси, Уран өтө коркунучтуу зат. Иштетилсе дагы, иштетилбесе дагы (обогащение) уран ар дайым зыян. Уран чыккан жерде, висмут, коргошун сыяктуу радиоактивдүү заттар да чыгат. Аларды ар дайым кылдаттык көзөмөлгө алуу зарыл.

Алтынчысы, уранды казуу, иштетүү биз билбеген жаңы саясий проблемаларды туудурушу мүмкүн. Азыр дүйнөдө, Кыргызстан сыяктуу өнүгө элек өлкөлөрдүн уранды иштетүү укугу чектелген. Акыркысы, уранды Ысык-Көлдөн казып чыгарып, Кара-Балтада иштетебиз деп жатышат. Бул таптакыр кабыл алынгыс нерсе, мындайга таптакыр уруксат бербешибиз керек! Мындай нерсе кичинекей Кыргызстаныбыздын тамтыгын чыгарат, өлкөбүздү радиоактивдик лабораторияга айландырат! Эсиңизде болсун, СССР убагында бул сыяктуу проектер Казакстандын чексиз чөлдөрүндө, элден алыс талааларында ишке ашырылган. Азыркы күндө дагы өнүккөн өлкөлөрдө эл көрбөгөн, эл баспаган жерлеринде иштетилет!

Өзүбүздүн   өлкөбүздү өзүбүздөн башка ким коргойт?!

Урмат сыйым менен, Кайрат САБЫРОВ

Булак: “Ачык саясат”

Последние новости