www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ жакында өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында каралган маселелер дагы далай убакытка чейин абдан актуалдуу бойдон кала берери турган иш. Бул түшүнүктүү. Анда каралган маселелер өлкөнүн келечек өнүгүшүндөгү тагдыр чечүүчү мааниге ээ болгондон башка дагы бир өзгөчө белгилей турган нерсе, — президент Сооронбай Жээнбеков мамлекет жетекчиси болгондон бери, жеке өзү эң алгачкы ирет бардык тармактардагы иштер алиге чейин ойдогудай жакшы жылбай жаткандыгын, реформаларды жасоо, цифровизация, таза суу, региондорду өнүктүрүү сыяктуу программалардын баары тең илең-салаң гана жүргүзүлүп жаткандыгын жалпы эл алдында тастыктады.

Андан да ашкан жаман жагы жана эң өкүнүчтүүсү — жогорку кызматтагы айрым адамдар ошол иштердин ыкчам жүрүшүнө тымызын тоскоолдук кылышып, коррупционерлер жана ууру-кескилер менен жең ичинен коюн-колтук алышып, аларга мурдагыдай эле көмүскө жерлерде жардам берип коюшуп, сыртынан эч нерсе болбогондой түр көрсөтүшүп, “былтыйып” олтурушканында болуп жатпайбы!..

Президент андай жетекчилерди, — атап айтканда, укук коргоо органдарынын башында тургандарды катуу сынга алды. Демейде бир калыпта, жай сүйлөгөндөн жазбаган президент, бул ирет тек гана ачуу сын айтуу менен чектелип калбай (эми адам болгондон кийин, түшүнүктүү дечи!), биротоло чектен чыккан, ыймансыз жоруктарга адаттан тыш, өтө эмоционалдуу баа берди. Госрегистрдеги экс-чиновниктердин бири Насирбек Алмаматовдун (кызмат учурунда иштебей эле, пара санап, акча катып олтурганы — жашыруун тартылган видеосу хитке айланган чиновник!) качырылышына жол беришкен адамдардын эмгиче жоопко тартылбай келе жатышканына абдан кыжырданганын жашырган жок. Арадан бир жума өтүп-өтпөй, тиешелүү прокурор кызматынан кетип, аны үй камагына бошотуу чечимин кабыл алган соттун өзүнүн жоопкерчилиги карала баштады…

…Былтыр жайында Өмүрбек Текебаев менен кошо үй камагына чыгып, кылмыш иши кайра каралып жаткан экс-депутат, экс-министр Дүйшөн Чотонов маектеринин биринде мындай бир кызыктуу жагдайды жыландын башындай кылып чыгарган: дал камакка алынар түнү Ак үйдө иштеген “инилеринин бири” телефон чалып, эгерде ал өзү кааласа качырып жиберишерин сунуштаптыр! Айтор, президент Сооронбай Жээнбеков дагы айланасындагы эң жогорку эшелондогулардан “мага сөз тийип жатпайбы?!” — деп, эч кандай негизсиз шек санай бербеси түшүнүктүү.

Жогорку бийликтеги чөйрөдө мурдатан эле дал ушундай эки жүздүү мамиле биротоло орношуп калгандыктан улам, Кыргызстандагы ашкере көөп, Кудайдан да коркпой калышкандарга акыры жазаланчу мөөнөт келгенде, сөз жүзүндө аларга Интерпол аркылуу издөө жарыяланып, иш жүзүндө алар чет жактарда мурда уурдап алган эбегейсиз байлыктардын эсебинен жыргап-куунап жашап жүрүшөт. Чын эле Интерполго ошондой расмий кайрылуу болгонбу, же бул тек гана эл үчүн айтылган куру сөзбү? Коомчулук ушундай жагдайларды да тыкыр көзөмөлгө алууга тийиш!

Андай качкындардын баарын санай берсек (айрыкча, Аскар Акаев доорунан беркилерден баштай турган болсок), бул тизме өтө эле узун болот. Эл мүлкүн тоноп кетишкен нысапсыз-жуттардын көбүн эл да эсинен чыгара баштады. Кечээ жакында эле — 2010-жылкы “апрель революциясынан” кийин, Кыргызстандын электрстанциялары тармактарын итке мингизип коюп, чет жакка сызып, көздөн кайым болгон Сапарбек Балкыбеков сыяктууларды Интерпол эмнеге алиге чейин кармабайт? Же, ал Кыргызстандан уурдалган эбегейсиз байлыгына сатып алган экзотикалуу арал ошончолук эле киши бара алгыс, куш да учуп жете алгыс, “необитаемый остров” бекен?!

Президент Сооронбай Жээнбековдун эки жылдык бийлиги тушунда эле ошол “качкындар тизмеси” Аскарбек Шадиев, Бусурманкул Табалдиев, Алина Шайыкова, Насирбек Алимбеков сыяктуулар менен толукталды. Бул эми толук эмес тизме. Адеп эске келгендери гана!.. Казынаны карактап, чет жакта качып-бозуп жүргөндөрдү актап, аларды элдин патриот уул-кыздары кылып көрсөтүүгө аракет кылган кемчонтойлор да жолугат. Алар ошол куйругун түйүп, мыйзамдык жоопкерчиликтен кутулуп кеткендердин жакын туугандары, же таттуу тамагын татып калышкан уруулаш-табакташтары болсо бир жөн. А бирок, акыл-эси жайында адамдар аларга жантартууга аракет кылышса, мындай кырдаал такыр абсурдга айланары шексиз.

Экс-депутат, саясат таануучу Жолборс Жоробеков Баткендеги чек ара аймагындагы конфликттерди басуу жөнүндө сөз болгондо, бери эле болгондо парадоксалдуу, тереңирээк караганда –эч логикага сыйгыс, абсурд оюн айтып, Кыргызстандыктар Аскарбек Шадиевди “келип элиңе кызмат кылып бер, катып жүргөн байлыгыңды, каражатыңды элге жумша, чек ара аймагындагыларга үйлөрдү куруп бер!?” — деп суранып, чакырышы керек деди. Мындан бир нече жыл мурда, мыйзам кылычы башына салаңдап калган кезде, Баткен чекарасынан сууну кечип өтүп, Тажикстан аркылуу качып кетип, азыркы кезде, айрым маалыматтарга караганда, океандын ары жагында жүргөн экс-депутат, экс-министр Аскарбек Шадиевдин тагдыры — ашкере жегич, булганган чиновниктердин типтүү образы болуп эсептелет.

Андайларды канчалык майлап-сүттөп, агартып-тазартууга аракет кылышпасын, мыйзамдык-соттук электен биротоло өтүп, же кылган иши үчүн алган жазасын өтөп, же мыйзам чегинде реабилитацияланмайынча — элге жексур көрүнө беришери талашсыз. Болбосо, ансыз деле эл нааразы болуп жаткан укук коргоо органдарынын иштерине ого бетер көлөкө түшүп, коррупцияга каршы жарыяланган күрөш фарска айланат.

Коопсуздук Кеңешиндеги сын өтө таамай, өз учурунда айтылса да, коомчулуктун ичи чыкпай, деги бул жаатта качан сөздөн ишке өтөбүз? — деген пикир жаралгансыды. Себеби, 2010-жылы апрелде бийликке кан төгүү жолу менен келгендер өздөрүн сөз жүзүндө эң таза, адилет — чыныгы элдик бийлик катары жарыялашканы менен да, иш жүзүндө, жалпы эл күбө болгондой, эл казынасын уурдоо ого бетер күч алып, ансыз деле эбак мамлекеттик жардамдан биротоло үмүтүн үзүп, ички-тышкы карызга белчесинен баткан элди, эми кекиртегине чейин карызга муунтушту.

Мындай жагдай он жылдан бери үзгүлтүксүз уланууда. Азыр да эң жогорку кызматтык жетекчилерден баштап, айыл өкмөттөрүнө чейин, акыйкаттыкты тескеген сот органдарынын кызматкерлери — судьяларынан баштап — сот аткаруучуларына чейин! — дале болсо мурдагыдай күргүштөтүп, жүз миңдеген сомдордон башталып, 400 миң сом, миллиондогон сомдор менен өлчөнгөн параларды алып жатышканына күн санап күбө болуудабыз. Ушундай кырдаалда коомчулукта тазаланууга, акыйкаттыктын орношуна карата ишеним жаралышы мүмкүнбү?

…Мурдагы Баткен чек арасындагы конфликттер, Солтон-Сарыдагы күтүүсүз чыңалган абал сыяктуу локалдык чырлар Кой-Таштагы окуялар менен “синхрондошуп”, булардын артында кандайдыр бир көмүскө сценарийлер, бирдиктүү координатор-дирижерлору бар экендиги боюнча шек жаралган. Саясат таануучу Жолборс Жоробековдун Баткен чек ара чырларына байланыштуу: Аскарбек Шадиев сыяктуу сыртта качып жүргөндөр кырдаалды чече алышмак дегенинде кандайдыр бир подтекст бардай туюлуп, ар кандай түкшүмөлдөргө түртөт.

Демек, баягы чек ара конфликттери боюнча сводкалардагы “провокаторлор” (эки тараптан тең чыгып жатышкандар!) Аскарбек Шадиевдин кишилери беле? Мындай версияга негиз бар: а балким, ал АКШга качпай эле, Баткендин “глухой”, тоолуу кыштактарынын биринде (бир кезде “мен качпай эле Кыргызстанда жүргөнмүн” деп, сотко өзү келген экс-министр Мурат Суталинов сымал) бекинип жатып алып, “мага тынч жашоого мүмкүндүк бербесеңер — мен дагы силерди тынч жашатпаймын!” — деген арам ойлорун жылжытып жаткандыр?!

Азырынча Шадиев тууралуу, “Об этом человеке известно только, что он не сидел в тюрьме, но почему не сидел — неизвестно” — деген классик-сатириктин учкул кебин гана айтууга болот. Анын ордуна Жолборс Жоробеков Белоруссиядагы Даниил Урицкийди (“Кыргызстандын экс-премьер-министри Данияр Үсөнов былтыр Малайзияда жүрүп өлгөн деп укканмын” деген белоруссиялык бизнесменди) Кыргызстанга алып келүү керек, миллиондогон долларлык инвестицияларды салып, биотехнологиялык дүйнөлүк алдыңкы заводдорду куруп жатыптыр, анын акыл-эсин, күчүн биздин өлкөнүн гүлдөп-өсүшү үчүн пайдалануу керек?! — десе, мунусу кыйла логикалуу угулмак!.. Анын үстүнө, ал уурулук, финансылык кылмыштан улам эмес, саясий жалаа сыяктанган айыптоолордон улам бийликтен кеткен. Учуру келгенде, алардын көбү кайра толук акталары эч күмөн туудурбайт.

…Азыркы жагдайга байланыштуу эске түшкөн дагы бир элес: качкын президент Аскар Акаевге жогорку бийликтеги уурулук чектен чыкканын, мунун арты жакшылык менен бүтпөсүн акылман бирөө эскерткенби, айтор, күтүүсүздөн эле Коопсуздук Кеңеши сыяктуу чоң жыйындардын биринде жогорку эшелондогу чиновниктерге кайрылып: “Силерди Манастын арбагы урат! Токтоткула уурдаганыңарды?!”- деп, чыйылдай-чыңырган.

Анын бул эмоционалдык пассажы тек гана утурумдук мини-спектакль экендиги тез эле айкын болгон. Андан көп өтпөй эле, мамлекеттик казынадан мурдагыдан дагы көп өлчөмдөгү уурдоолор башталып, паралардын өлчөмдөрү мурдагыдан да бийиктеп, Кумтөрдөгү кыргыз тараптын азганакай үлүшү ого бетер азайган. Ким билет, же Манастын арбагы ойгоно электе, уурдап-жеп үлгүрүп калалык дештиби, коррупционерлер өзгөчө активдешип, кийин Манастын арбагы биринчи Акаевдин өзүн урган!..

Коомчулук коррупция менен күрөшкө канааттанбаганы менен, башкача пикирлер да бар. “Көрөсүңөр, Жээнбеков келечекте Ли Куан Ю болот! Ал дагы өзүнүн досун каматкан. Сооронбай Жээнбеков дагы өз досун каматты!” — деп жатпайбы Cагынбек Абдрахманов, — азыр кыйрап, жок болуп бара жаткан СДПКнын лидери… Ли Куан Ю Сингапурдун премьер-министри болгондогу алгачкы сезимдери тууралуу кийин мындайча эскерген: «Мен эки айрылыш жолдун алдында турдум. Биринчиси — уурдап, досторумду, туугандарымды Форбс тизмесине киргизе алмакмын, бирок, анда эл ачка, ээн талаада калмак. Экинчиси — элге кызмат кылып, өлкөнү дүйнөдөгү мыкты он өлкөнүн катарына кошуу болчу. Мен экинчи жолду тандап алдым».

Акаев баштаган Кыргызстандын президенттеринин баары элди ойлошпой, өз үй-бүлөлөрүн, туугандарын, балдыздарын, кудаларын ойлоп келе жатышат. Азыр убактылуу кармоочу жайда жаткан Алмазбек Атамбаевге коюлган алты олуттуу айыптардын төртөө (Азиз Батукаевди качыруу жана Кой-Таштагы спецназчынын өлүмүнөн башкасы) кредиттердин уурдалышы жана экономикалык кылмыштарга байланыштуу. Убактылуу президент Роза Отунбаева да уран кенин туугандарына алып берүүгө аракет жасагандыгы билинип калып, аягына чейин иликтенбеди.

Ли Куан Ю сыяктуу изги, бийик максаттарды коюп жашоо сейрек гана мамлекеттик ишмердин энчисине туш келери анык. Эриксизден таланттуу акын, адабиятчы, котормочу Аман Токтогуловдун төмөнкү ыры эске келет:

“Неге адамга берилет кайран жаштык,

Көккө атылып, бир ирет учпаган соң?

Неге ичесиң тамакты лапылдатып,

Катарыңдан суурулуп чыкпаган соң?!”

Жогорудагы саптарды перефразалап, “Неге сага берилди кайран кызмат, элиң үчүн ак ниет, таза иштей албасаң? Не аласың айлык-сыйлыкты сапырылтып, өз милдетиңди дурустап, так аткара албасаң?!” — деп бадырайта жазып, мамлекеттик жетекчилерге эскерткич кылып, илип койсо да жарашат. Коопсуздук кеңешинин жыйынтыктары боюнча конкреттүү кадамдар жасалып, сөздөн реалдуу иш-аракеттерге өтүү башталбаса, — уятсыз, “былтыйган чиновниктер” бир кездеги “Манастын арбагы урбай койгон” чиновниктер армиясы сыяктуу эле, чымын да чакпай, же жалпы иш да жылбай, баары мурдагы калыбында улана берет. Ал эми аталган жыйын бар болгону эки адамдын (прокурор менен соттун) өмүрүндөгү кыска, убактылуу жагымсыз бир эпизод катары гана эсте калышы мүмкүн.

Ишенбек МУРТАЗАЕВ

Булак: "Жаңы Ордо"

Последние новости