www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ырчы, алпаруучу Нэна жакында эле экстремалдуу клип тартып, ал өзгөчө клиптердин катарын толуктады. Бул клип ырчы айымдын чыгармачылыгына эле өзгөчөлүк тартуулабастан, жеке жашоосуна да жаңылык киргизгендей болду. Андагы баш каармандын ролун ойногон жигит Нэнанын колун сураганын ырчы күйөрмандарына өзү кыйыткан, - деп жазып чыкты "Леди.kg" гезити шейшембиде чыккан санында.

- Нэна айым, жакында эле “Сенин жаныңда” аттуу экстремалга бай өзгөчө клибиңизди элге тартууладыңыз. Бул өзүңүздүн идеяңызбы?

- Клиптин сценарийи ырдын маанисине карап жазылды. Ыр айтып тургандай, клиптин башкы максаты – эки жаштын бири-бирине болгон сүйүүсүн көрсөтүү болду. Романтикалуу клиптерди көрүп чыгып, эмнегедир “бизде деле ошондой кооздук, шарттарыбыз бар, тартууга эмнеге болбосун” деп аракет кылдык.

Мен сен үчүн аскадан да, жардан да секирем деген маанини экстремалдуу клип аркылуу бергибиз келди. Анткени бул кызыктуу, анан калса мындай клипти эч ким тарта элек. Өзүм, негизи, бийиктиктен корком. Жасалма эмес, эмоционалдык жактан жандуу кадрлар болуусу үчүн өз башымдан өткөрүүм керек эле. Ошондуктан коркконума карабай тартылдым.

- Клиптеги узун чачыңыз жарашканын күйөрмандарыңыз айтып жатышат, образыңызды алмаштыруу оюңузда барбы?

- Негизи, мен башында чыкканда ошондой узун чачтуу болчумун. Эгерде өзүмдүн ашыгымды тапсам, чачымды өстүрөм деп өзүмө сөз бергем.

- Инстаграм баракчаңызга клиптеги башкы каармандын сүрөтү менен биргеликте шакекти киргиздиңиз. Жаз айында өткөн чыгармачыл кечеңизде да бир мырза колуңузду сурады эле. Бул жолу элге жарыялаганыңызга караганда, ашыгыңызды тапкан окшойсуз?

- Жазында колумду сураган адам башка болчу. Ага “жок” деп айтууга аргасыз болгом. Себеби эрте эле кызганычтар болуп, жөнү жок туура эмес сөздөр айтыла баштаган. Ал эми бул мырзаны мен көп убакыттан бери билем. Тагыраагы, он жыл мурун дос болуп жүрүп кийинчерээк сүйлөшпөй калганбыз. Клипти тартуу учурунда жакындан сүйлөшүп калдык.

Билбейм, сезимдери козголуп кеттиби, айтор, күтүүсүз жерден колумду сурады. Экинчи ирет турмушка чыгуу оңой эмес, азыр ойлонуу процессиндемин, эч кандай жооп бере элекмин. Башкысы, жакшы инсан, башка маалымат бербей турайын. Ойлонуп, бир чечимге келгенде ачыкка чыксак, анан үйлөнүү тоюбуз тууралуу сөз болот.

- Мурдагы турмушуңуз бузулганда эки жыл ата-эне, бир туугандарыңызга айтпай жашаптырсыз. Бул учурда жан дүйнөңүздө болуп жаткан нерселерди ким менен бөлүшүп турдуңуз?

- Ата-энем ойлонуп катуу депрессияга түшүп кетпесин деп акырындык менен жеткирүүнү туура көргөм. Бир туугандарымды болсо “өздөрү байкап-билсин” деп жүрүп өзүм жооп бергенге даяр болгондон кийин баарына айткам. Бирок өзүм катуу депрессияга түшүп кеттим деп айтпайм. Мени депрессияга киргизбеген – музыка, чыгармачылыгым, балдарым болгон.

Чыгармачылыкка берилип, өзүмдү өнүктүрүүгө, максаттарыма көңүл бурганда жашоонун маңызы, энергия пайда болот экен. Мына азыр ошол эмгегимдин акыбети кайтып, өзүм иштеп тапкан каражатка эки бөлмөлүү батир алдым, балдарымды эч нерседен кем кылбай өзүм багып жатам. Буга ата-энем дагы жардам берип турушту.

- Сиз эки окуу жайда мугалим болуп иштеп, кечкисин тойлордо алып баруучу болосуз. Ошол эле учурда катар-катар ырларды чыгарып чыгармачылыгыңызды ийгиликтүү алып кетип жатасыз. Жогорку окуу жайда окуп жатканыңызды да билебиз. Баарына кантип жетишесиз?

- Негизи, алпаруучулук ишим теледен, “Браво”, “Муз обо”, “Замана” теледолбоорлорунан башталган. Ал эми тойлорду тууган-урук, достордун жакшылыгын алпаруудан баштагам. Тойлорду мен тандап алпарам. Мага орус тилдүү, орус мүнөздөгү адамдардын иш-чараларын алпарган оңоюраак. Анткени алар тартынбай оюндарга чыгып берип, той кызыктуураак өтөт. Ооба, быйыл төртүнчү окуу жайга тапшыргам.

Илимдер академиясында аспирантурада окуп жатам. Эгерде бардык нерсени өз убагында жасасаң, баарына жетишүүгө мүмкүн. Мен таңкы алты жарымда туруп, улуу баламды мектепке, кичүүсүн бала бакчага алып барам. Андан ары сабактарыма барам, өзүмдүн окуума да баш багам. Аптасына эки ирет спорттук залга да барууга жетишем. Улуу баламдын сабагы бүткөндө жаныма алып алам. Кечинде иш-чараларга барсам да балдарым жанымда болот.

Ошондуктан балдарыма санаам тынч жүрөм. Ырдап чыкканча унаада отуруп турушат. Тойлорго кызмат кылганда ата-энеме же сиңдилериме таштайм. Алтыдан түнкү 12ге чейин жаным тынбай иштейм. Болгону, жекшемби күндү үйдөгү жумуштарды кылууга бөлгөм. Үйгө кирип аялдын, эшикте эркектин жумушун жасайм. Албетте, адам болгон соң чарчайсың да, ошол учурда жакшылап уктап, балдарым менен отуруп ойноп же бир жакшы тасма көрүп алсам мага жетиштүү. Мүмкүнчүлүк болсо балдарым менен тоого чыгып кетсем кадимкидей эс алам.

- Балдарыңыз кандай чоңоюп жатышат?

- Балдарымдын улуусу биринчи класска барса, кичүүм беш жашта. Менин кабагымдан эле кандай экенимди билип, байкап турушат. “Апа, сизди эч ким капа кылган жокпу?” деп дайым сурап турушат. Буюрса, акыл-эстүү балдар болуп чоңоюп келе жатышат. Ооба, балдарды жалгыз багуу кыйын. Бирок апалап чуркап келип моюнумдан кучактаганда бардык кыйынчылыкты унутуп калам.

- Бүгүнкү күнү баары эле баш кошкон түгөйлөргө арналган “Жар-жар” ырын ырдап калышты го, сиздин ырдаганыңызды көрө элекпиз...

- Салт боюнча, “Жар-жарды” үй-бүлөлүү, очор-бачар келиндер айтат. Мен салтты, өзүмдүн ордумду жакшы билем. “Турмушу бузулган адамдыкы жугуп калат” деген ырым-жырымды кармаган адамдар чыгып калса, өзүм эле ыңгайсыз абалга туш болом. Андан көрө ырдап бергеним оң. “Жар-жарды” эркеги, аялы деле айтып жатышат, менден башкасы эле айта берсинчи.

- Башкалар миллион катталуучу топтоп, каражат таап жатышса, эмнеге инстаграм баракчаңызга көңүл бурбайсыз?

- Бул нерсеге кызыкпайт экенмин. Өзүмдүн жашоомду беш мүнөт сайын элге көрсөтүп, кайра “Эмне үчүн менин көйгөйүм көп?” дегим келбейт. Инстаграмдан акча табам деген ой болгон эмес. Мен үчүн бул чыгармачылыгым менен тааныштырчу гана баракча. Майда-барат нерселерди эмес, чоң нерсе жасагым келет.

- Жадырап-жайнап жүргөнүңүз менен сүрдүү көрүнөсүз. Жиниңиз келгенде кандайсыз?

- Менин жиним келгенде от да чыгып кетиши мүмкүн. Студенттерим, туугандарым жинимдин кандай экендигин билишет. Бирок бат тарайт. Өзүм бирөөгө жөнү жок таарына бербейм. Эгерде бир жолу көңүлүм калган болсо, эч качан кечирбейм.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости