www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин «Республика-Ата Журт» фракциясынын депутаты Нурбек Тотоновдун аттестаты жасалма экендиги тууралуу azat.kg сайты жазып чыкты. Андагы маалыматка таянсак, Нурбек Тотонов 1994-жылы мектепти аяктаганда алган аттестатындагы код башка бирөөгө таандык болгон. Бул маалымат социалдык түйүндөргө жарыяланаары замат кызуу талкууга түшүп, эл өкүлүн сындагандар да, аталган макала "кара пиар" дегендер да чыкты. Депутат Нурбек Тотонов мындай "кара пиар" жүрүп жатканынан кабары бар экендигин, аталган сайт менен аны жазган кишини сотко берүүгө камынып жатканын айтты. "Эгерде, мен мектепти аяктабаган болсом, ушул убакка чейин деле айтып чыгышмак да. Муну мен катардагы каралоо компаниясы катары кабыл алдым" - дейт депутат. Ошондой эле, ал макаланын автору Кеңеш Жумабеков деген бала экендигин айтты. - Ал мурда Садыр Жапаровго каршы көрсөтмө берип, 11,5 жылга соттолуп, кийин мунапыс менен эркиндикке чыгып, укук коргоо органдары кыйнап көрсөтмө бердирген деп айткан бала болуп чыкты, - дейт ал.

"Бул "кара пиарга" байланыштуу мугалимдерим, шайлоочуларым телефон чалып, нааразы болуп жатышканын айтышты. Мен шайлоочуларым үчүн өзүмдүн ар-намысымды коргоп, аталган сайтты да, анын авторун да сотко берем. Алардан моралдык чыгым үчүн алган акчамды кайрымдуулукка жумшайм. Аттестаттан сырткары, аскердик билетим жөнүндө дагы сөз болуптур, ал жөнүндө дагы айтып коёюнчу. Мен альтернативдик аскер билетин алганмын, аны эч кимден жашырган эмесмин, жашырбайм дагы", - дейт зээни кейиген эл өкүлү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости