www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 15-январда Жогорку сотто жанардык активист жана “Элдик көзөмөл” коомдук бирикмесинин түштүк аймагы боюнча координатору Роза Маманованын доо арызы каралды. Жогорку сот жарандык активисттин ишин кайра биринчи инстанцияга жиберди.

Белгилей кетсек, 2018-жылдын 19-январында Кызыл-Кыя шаардык соту Роза Маманованы бир жылга шарттуу кескен. Жарандык активист буга макул болбой жогорку инстанцияга даттанып, Баткен облустук соту мурдагы чечимди өзгөртүүсүз калтырган. Роза Маманова өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, Кызыл-Кыя шаарынын мурунку вице-мэринин жана айыл өкмөттөрдүн мыйзамсыз иштерин ачык айтып чыкканы үчүн өзүнө карата “шылуундук кылган” деген негизде атайылап кылмыш иши козголуп, сотко өткөнүн билдирип жатат.

Эске салсак, Роза айым өлкөдө акыйкат жоктугунан өзүн өзү өрттөөгө бараарын коомчулукка жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости