www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук боюнча комитети 4 мамлекетке элчилик кызматка көрсөтүлгөндөрдүн талапкерлигин колдоду. Комитеттин отуруму 15-январда өттү.

Анда Тышкы иштер министрлиги Орусиядагы элчинин кызматына мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловдун, Түштүк Кореяга тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелованын талапкерлиги жактырылса, АКШга Кыргызстандын Орусиядагы азыркы элчиси Болот Отунбаевдин жана Кытайга дипломат, мурунку элчи Канайым Бактыгулованын талапкерлигин көрсөтүп, алар колдоого алынды.

Эске салсак, Түштүк Кореянын мурунку элчиси Кылыч Султанов өз арызы менен кеткен, ал азыркы бийликтин жүргүзүп жаткан ишине каршы экендигин билдирген

Булак: NazarNews.kg

Последние новости