www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Жолуң шыдыр болсун»-деген сөз да бекеринен айтылбаса керек. Бүгүнкү каарманыбыз Нарын облустук Ички иштер башкармалыгынын жол кайгуул кызматынын ЖКККБнын издөө төбүнүн тескөөчүсү, милициянын ага лейтенанты Жапаров Нурбек Калманбетович жөнүндө болмокчу.

Негизи жашоодо адам баласы жакшы көргөн кесибин тандоодо бирөөгө карап же бир нерседен таасирленет эмеспи. Жаңы гана мектептин босогосун аттагандан баштап эже-агайлар окуучу балдарды тамырын кармап көрүп «Келечекте ким болгуң келет?» деп сурашат. Балдардын баары келечекте ким болоорун көз алдына элестетишип, өздөрүнүн келечекте кандай кесиптин ээси болоорун жабалактап айтып калышат. Нурбек дагы башка балдардай эле кичинесинен баштап эле атасына таасирленип, атасынын фуражкасын кийип көрүп күзгүгө каранып «Мен атамдай болуп милиция болом»-деп, келечектеги кесибин эбак эле тандап койгон. Нурбектин атасы ИИМдин ардагери, азыркы учурда ардактуу эс алууда. Нурбек өзү беш бир тууган, үй-бүлөдө үч эркек эки кыз болуп өсүшкөн. Эркек балдардын үчөө тең атасынын жолун жолдоп, форма кийишип Ата-Мекен үчүн кызмат өтөп жатышат. Нурбектин улуу агасы Жапаров Максат дагы азыркы учурда Бишкек ШИИББсынын Биринчи-Май райондук башкармалыгында кызмат өтөйт. Андан кийинки агасы Баатырбек Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн кызматкери. Андыктан Нурбек мырза өз сөзүндө «Атам, бир туугандарым болуп кошулганда бир үйдө төрт жоокербиз»-деп тамашага сала кетти. «Жол кайгуул» десе эле, көпчүлүктөр жолдо турган ЖКККБнын кызматкерлерин элестетишет. Ошол жол кайгуул кызматынын ичинде дагы көптөгөн кызматтар бөлүнгөн. Нурбек кызмат кылган бөлүм «Издөө кызматы». Бул кызмат дагы өзүнчө чоң мааниге ээ. Авто унааларын уурдатып жиберишкен жарандар көбүнчө ушул издөө тобуна кайрылышат. Аталып жаткан бөлүмдүн кызматкерлеринин башкы максаты авто унаа уурулугуна байланышкан кылмыштардын бетин ачуу болуп эсептелинет. Маселен, жол кырсыктарын жаратып же болбосо адамдардын ден соолугуна, өмүрүнө коркунуч келтирип ошол кырсык болгон жерден изин жашырып качып кеткен айдоочуларды издеп кармоо болуп саналат. «Кылмыш кырк жылда билинет» дегендей, билинбей калган кылмыш болбосо керек. Нурбек дагы өзүнүн кызмат тажрыйбасында көптөгөн жол кырсыктары катышкан кылмыштарга күбө болгон. «Биздин жумуштук тажрыйбада көбүнесе айдоочулар чоң ылдамдыкта келе жатышып жөө жүргөн жарандарды авто унаасы мене сүзүп кетип, жабыркаган жаранга жардам бергендин ордуна окуя болгон жерден качып, изин жашырып, билинбей калат деген ой менен кетип калышат. Мени таң калтырганы бирөөнү коюп кетип качкан адамдар, жасаган иши билинбей калат деп ойлошобу? Бирөө көрбөсө бирөө көрөт, жакшылап териштирип изилдегенде эле билинип калат, кандай унаа менен кырсык жасалганы. Жумуштук тажрыйбамда жүрөгүмдү оорутканы жаш балдар аралашкан жол кырсыктары. Бул кырсыктардын баары айдоочунун шалаакылыгынан келип чыгат. Жаш балдарды унаасына салып алышып коопсуздук курларын курчантышпайт же катуу ылдамдык менен айдашып, жолдун атайын өтмөктөрүнөн өтүп бара жаткан балдарды байкашпай кырсыктарды жаратышып жатышат. Ар бир айдоочуга айтаарым шашпай жол эрежесин сакташса дээр элем»-деген каарманыбыз, ар бир айдоочуну сак болууга чакырат. Нурбек кызматтан тышкары бош убактысын көбүнчө үй-бүлөсү менен өткөрөт. Милиция кызматында иштеген адам көп убактысын жумушка арнап өткөрөөрү турган иш эмеспи. Талап кылынгандай ысыкпы-суукпу, күн-түнбү кызматта болуп турушу керек. Кээ бир учурларда жумалап үй бетин көрбөй калган учурлар да болот. Ошондуктан Нурбек эс алуу учурларын келинчеги, кызы менен эс алууга арнап турат. Милиция кызматкери болгондон кийин спорт жаатына дагы убакыт бөлүш керек. Бул жаатта Нурбек өзүнүн кесиптештери менен жумасына эки жолу футбол, волейбол ойноп, дене бойду жазышып, анча мынча болсо дагы жүгүрүп, ден-соолукту чыңдап турат. Адам баласында эс тарта баштагандан баштап эле дос күтүп, досум деп киченекейинен баштап кучакташып, чүкө ойнобогон бала болбосо керек. Нурбек дагы жамааттын арасында жамандык жакшылык дегенге катышып, андан тышкары жогорку окуу жайдагы чогуу окуган тайпалаштары, мектепте он жыл окуп, бир партада отурган классташ балдары менен да кол үзбөстөн жакындан катышып тураарын айтты. Нурбектин кичи мекени Нарын облусундагы Ат-Башы өрөөнү. Кыргыз жергесиндеги кыш мезгили көпкө созулуп жана катуу суук болгон жер ушу Ат-Башы болсо керек. Кыштын суугуна карабай Нурбек кичинесинде коңшулаш балдар менен чана, лыжа тээп кечке чейин оюндун кызуусуна батып, качан гана кеч киргенде эстерине келип, үшүп калтырап үйгө келгенде ата энесинен тил угуп, ысык мештин түбүнө жылынып отурган күндөр балалыктын бактылуу күндөрү экенин эскерүү менен сөзүн аяктады деп, ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости