www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү соттордун судьяларын Нарын жана Талас облустук сотторуна, Чүй облусунун Кемин райондук сотуна, Ош облусунун Алай, Араван, Кара-Кулжа, Ноокат жана Чоң-Алай райондук сотторуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө жарлыктарга кол койду.
Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековго Кыргыз Республикасынын судьяларын тандоо боюнча кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна 1 талапкер, Нарын облустук сотуна 2 талапкер, Талас облустук сотуна 2 талапкер, Ош облустук сотуна 1 талапкер, Бишкек шаардык сотуна 1 талапкер, Чүй облусунун Кемин райондук сотуна 1 талапкер жана Ош облусунун жергиликтүү сотторуна 6 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн.
Мамлекет башчысы талапкерлердин айрымдары менен аңгемелешүү өткөрдү. Аңгемелешүүнүн жыйынтыктарын, кошумча берилген материалдарды эске алуу менен, президент Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторуна 9 талапкер боюнча аталган Кеңештин сунушуна макул болду.
Талапкерлер тууралуу түрдүү мамлекеттик органдардан талап кылынган кошумча материалдарды изилдеп чыгып, мамлекет башчысы 5 талапкер, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызмат ордуна талапкер боюнча материалдарды Кыргыз Республикасынын судьяларын тандоо боюнча кеңешине кайтарып берди.
Биринчи жарлык менен Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп 9 талапкер дайындалды.
Экинчи жарлык менен судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн:
— Нарын облустук соту
Арзыкулова Гүлсүн Абдыевна;
— Талас облустук соту:
Ибраимов Бакыт Молдозакович;
Кенжеев Марсель Майрамбекович;
— Чүй облусунун Кемин райондук соту
Сатарбек уулу Мирбек;
— Ош облусунун Алай райондук соту
Кожомкулов Алайбек Рамазанович;
— Ош облусунун Араван райондук соту
Бакалбаев Тилек Калмаматович;
— Ош облусунун Кара-Кулжа райондук соту
Базарбаев Канатбек Туратбекович;
— Ош облусунун Ноокат райондук соту
Абдираев Азамат Парпиевич;
— Ош облусунун Чоң-Алай райондук соту
Раимкулов Эрмек Раимкулович жиберилишти.
Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.