www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 7-мартта Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев тиешелүү департаменттердин жетекчилери менен биргеликте Бишкек шаарында курулуп жаткан бир катар социалдык объектилердеги курулуш иштеринин учурдагы абалы менен таанышты.
Министр Бишкек шаарындагы эки район боюнча курулуп жаткан 12 социалдык объекттини толук кыдырып чыгып, бир катар тапшырмаларды берди.
Алар:
Октябрь району:
1. Көк-Жар конушунунун Көк-Жар көчөсү 123/1 дарегиндеги №88 орто мектепке кошумча 500 орундуу окуу корпусу
2. Түштүк пландоо зонасынын Токомбаев көчөсү 15/8а дарегиндеги 750 орундуу жаңы мектеп
3. №8 кичи району 19/1 дарегиндеги №64 орто мектепке 600 орундуу кошумча окуу корпусу
4. Өскөн-Ордо конушуна 750 орундуу жаңы мектеп
5. Кара-Жыгач конушунун Оберон көчөсү 18/1дарегинде №91 орто мектебине кошумча 750 орундуу корпус
6. Көк-Жар айылынын Алапаев 1/1 дареги боюнча 750 орундуу жаңы мектеп
Ленин району:
1. Алыкулов көчөсү 1 дарегиндеги №42 орто мектебине 380 орундуу кошумча корпус
2. Кашка-Баш айылындагы №84 мектептин өзүнчө 750 орундуу окуу корпусу
3. Ак-Ордо конушунун Тенир-Тоо көчөсү 1 дарегине 750 орундуу жаңы мектеп
4. Гагарин көчөсү 166 дарегиндеги №55 орто мектебине 1200 орундуу кошумча корпус
5. Жал кичи району 23 дарегиндеги №72 мектепке 750 орундуу кошумча корпус
6. Арча-Бешик конушунун Эр-Тайлак көчөсү 75 дарегиндеги №79 мектепке кошумча 1200 орундуу корпус
Нурдан Орунтаев аталган объекттердеги курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып, белгиленген мөөнөттө иштерин бүтүрө албай жаткан подряддык уюмдарга эскертүү берди. Ошондой эле ал курулуш иштерин жандандыруу, куруучулардын санын көбөйтүү жана иштин сапатына өзгөчө көңүл буруу боюнча бир катар талаптарды койду.
Белгилей кетсек, Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык 2026-жылы Бишкек шаарына жаңы 20 мектеп куруу пландалып, бүгүнкү күндө курулуш иштери кызуу жүрүп жатат.
Алар: Октябрь району – 6 объект; Ленин району – 6 объект; Биринчи май району – 5 объект; Свердлов району – 3 объект. Курулуш иштери министрлик тарабынан көзөмөлдөнүп, республикалык бюджеттен каржыланууда.