www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 7-мартта Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн, машыктыруучулардын жана спортчулардын катышуусунда атайын жыйын өткөрдү. 

Буга чейин спортчулар Төрага Марлен Маматалиевге тармакка тиешелүү көйгөйлөрү менен кайрылышкан.

Андыктан жыйында спорт чөйрөсүнө тиешелүү учурдагы жагдай талкууланып, аталган багыттагы мыйзамдык базаны чыңдоо тууралуу да сөз болду.

Төрага Марлен Маматалиев акыркы жылдары спорт тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилеп, өлкө башчысы Садыр Жапаровдун колдоосу менен көптөгөн спорттук жайлар курулуп жатканын мисал кылды.

Бирок ошону менен катар тармакка байланышкан мыйзамдар учур талабына жооп бербей калганын айткан Төрага ага комплекстүү өзгөртүүлөрдү киргизүү керектигин билдирди.

“Андыктан, сиздер менен бирге учурдагы жагдай боюнча пикир алмашып, талкуулап алышыбыз керек. Анткени, тармакка түздөн-түз аралашып, көйгөлөрдү өзүңүздөр жакшы билесиздер”, – деген Төрага чакырылгандарга өзүнүн сунуштары менен бөлүштү. 

Тагыраагы, спортту системалуу жана туруктуу өнүктүрүү үчүн тиешелүү агенттик менен федерациялардын ыйгарым укуктарын так аныктоо зарыл экенин айткан Төрага мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражаттын көлөмүн да так белгилөө керектигине токтолду. Айрыкча каржыны сарптоодо ачык-айкындуулуктун маанилүү экенин кошумчалады. 

Ошондой эле профессионалдык спорт тууралуу өзүнчө мыйзам даярдоо, спортчулардын эмгек стажын эсепке алып, карьерасын аяктаган учурда башка кызматтарга да тартуу тажрыйбасын калыптандыруу, команданын курамында жүрүп кырсыкка учураса мамлекеттик камкордукка алуу сындуу сунуштарын айтып, республикалык жана эл аралык мелдештерге катыштырууда да так механизмдер зарыл экенин белгиледи.

Муну менен катар антидопинг нормаларын эл аралык эрежелерге ылайыкташтырып, спортчулардын жоопкерчилигин күчөтүү жаатында да атайын ченемдерди киргизүү керектигин айткан Марлен Маматалиев: “Албетте спортту өнүктүрүүдө мамлекеттик жеке өнөктөштүккө да өзгөчө көңүл буруп, спорт тармагына инвестиция салган инвесторлорго ыңгайлуу шарттар каралышы кажет. Мындан тышкары, спорт тармагын өнүктүрүүнүн 5–10 жылдык стратегиялык пландарын киргизүү учур талабы”,– деди. 

Жыйында машыктыруучулардан жана спортчулардан бир катар сунуш-пикирлер берилип, алардын баары мыйзам чыгарууда эске алынары белгиленди.

Последние новости