www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Сузак райондук мамлекеттик администрациясында өткөн жыйынга катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө Сузак районундагы айыл чарба тармагын өнүктүрүү боюнча негизги багыттар боюнча маалымат берилди. Атап айтканда, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, айыл чарба продукцияларын жеткиликтүү баада сатуу үчүн жарманкелерди уюштуруу, сууну үнөмдүү пайдалануу, жазгы талаа иштеринин жүрүшү, техникалык камсыздоо, үрөн жана жер семирткичтер менен камсыздоо маселелери каралды.

Жыйында Сузак районунда сууну үнөмдөөчү инфраструктура – БДР жана БСР объектилери жок экени белгиленип, жалпы эле суу маселеси дыйкандар үчүн маанилүү көйгөйлөрдүн бири экени айтылды.

Ал эми жазгы талаа иштерине даярдык боюнча маалыматка ылайык, райондо кылкандуу дан эгиндеринин үрөнү менен камсыздоо 85 пайызды түзөт. Техникалык камсыздоо боюнча райондо жалпы 3393 трактор, 137 комбайн жана айыл чарба иштерине колдонулуучу башка техникалар бар экени маалымдалды. Жер семирткичтер менен камсыздоо боюнча 2026-жылга карата Жалал-Абад облусу боюнча 24 миң тонна жер семирткич талап кылынса, анын 6200 тоннасы Сузак районуна керектелери маалымдалды.

Жыйындын соңунда жергиликтүү тургундардын суроолоруна жооп берилип, министр аймактагы айыл чарба тармагын өнүктүрүүдө жергиликтүү бийлик, адистер жана дыйкандар биргелешип иш алып баруусу зарыл экенин белгиледи.

 

Последние новости