www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн мекендештерди эвакуациялоо боюнча берген тапшырмасын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ошондой эле Кыргыз Республикасынын Катар жана Сауд Арабиясындaгы элчиликтери тарабынан жергиликтүү бийлик органдары менен коопсуз коридор уюштуруу боюнча макулдашууларга жетишилди.
Учурда Кыргызстандын 166 жараны — Доха шаарындагы круиздик лайнердин жүргүнчүлөрү, ошондой эле Катардын мейманканаларында жүргөн туристтер — Эр-Рияд шаарына багыт алышты. Автобустардан турган колонна чек арадан ийгиликтүү өтүп, Сауд Арабиясынын аймагына кирип, белгиленген аэропортко карай жолун улантууда.
Экинчи этапта Эр-Рияд шаарынан Кыргыз Республикасына атайын авиакаттам уюштурулат. Жарандар Мекенине кайтып келгенден кийин министрлик кошумча маалымат берет.