www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бабалардын маданияты жана азыркылардын айтышы тууралуу профессор Нурдин Усеев жазып чыкты.
Тоолуу Алтайдын Чүй аттуу капчыгайындагы Калбак-Таш деген жерде, дөбөдө байыркыдан калган аска сүрөттөрү менен VIII-IX кылымдардагы байыркы кыргыздар жазып калтырган жыйырмадай битиг жазуу бар. Ушул жазуулардын экөөсү - эки кишинин жазуу түрүндө аңгемелешүүсү. Биринчи, Эшик деген киши аскага төмөнкү сүрөттөгү кийиктин сүрөттөрүн тартат. Сүрөттөрү өзүнө жагып, "Иген безегли карым не йег ол. Эшик бен, йег эр (Кийик тарткан колум кандай мыкты. Эшикмин, мыкты эр)" деп сүрөт тарткан колун мактап, өзүн даңктап жазат. Аны кийин бул жолдон өтүп бара жаткан бир бабабыз көрүп, мактанып жазганын окуйт. Ал дагы колу кычышып, жооп жазат. Эмне деп жазат дебейсиңерби?! "Игениг бедизгели уз эрмиш (Кийикти тартууда уз, уста экен)" деп жазат! Башкача айтканда, Эшик аттуу бабабыздын жазгандарын туура деп эсептеп, анын чыгармачылыгына өзүнүн баасын берип кетет. Карагылачы бабаларыбыздын маданиятына, бири-бирин сыйлаган тарбиясына, экинчиси биринчисин тааныбаса да, чыгармачылыгын сыйлап, айкын баа беришине, экөөнүн ортосундагы диалогдогу этикетке!!! Таң каласың! Анткени биз азыр бири-бирибизди сыйлоону кой, өзүбүздүкүн гана туура деп, макул болбогондорду "айрып кетем, жыртып кетем" деп коркутканды гана билебиз. Ошол эле учурда өзүбүздү билимдүү, маданияттуу деп эсептейбиз. Иш жүзүндө маданият жагынан 1300 жыл мурунку бабаларыбыздын тырмагына да тең келе албайбыз. Баса, ушул бабаларыбыз дүйнөлүк тарых илиминде империя деп бааланган Улуу кыргыз каганатын курушкан. Мамлекетин курултай (парламент) жолу менен башкарышып, бир дагы кишини "улуттук лидер" деп эсептебей демократиялык жол менен өнүгүшкөн. Каган (президент) мамлекеттин бүтүндүгүн камсыздап, символ катары милдет аткарса, бийлик өге деп аталган премьер-министрдин колунда болгон, - деп жазган профессор Нурдин Усеев.
Булак: NazarNews.kg