www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«АКШ элчилиги Матраимов боюнча кубаттаган билдирүүсү булардын бизге болгон ой-тилектери арам, максаттары жаман экенинен кабар берет», - деди бүгүн, 24-февралда NazarNews маалымат агенттигине коомдук ишмер Нурлан Мотуев.
- Нурлан мырза, АКШнын Кыргызстандагы элчиси неге Райымбек Матраимовдун камалганы кубаттаган билдирүү таркатты?
- Ушул эки жүздүү АКШ элчилиги элдин кыжырын кайнатып бүттү. Отуз жылдык эгемендигибизде Кыргызстанга көзгө көрүнгөн эмне жакшылык жасашты булар? Карапайым элибиз жыргап кетиштиби? Же эмне, мына Американын атынан деп бизге завод-фабрика куруп бериштиби? Эл жыргап кетсе, 3 революция болбойт эле го. Качан болсо капталдан чыгып, акыл үйрөтүп турушат. Биринчи, өздөрүн оңдоп алышсынчы. Мына, Аллахтын каары келип, Техаста 30 киши суукка тоңуп өлүштү. Бир миллион үй-бүлө отсуз, жарыксыз калышты. Губернатору Тед Круз баарын таштап салып, курортко эс алып кетти. АКШ Жогорку бийлиги болсо өздөрүндө кайнап жаткан көйгөйлөрдү чечпей, бизге окшогон мусулман өлкөлөрүнүн ички иштерине тумшугун тыкканы тыккан.
- Эгер АКШ чындап коррупция менен күрөшүүгө салым кошсо, анда эмнеге Аскарбек Шадиевди калкалап отурат?
- АКШ элчилиги Матраимов боюнча кубаттаган билдирүүсү булардын бизге болгон ой-тилектери арам, максаттары жаман экенинен кабар берет. Демек, бизде эч качан тынчтык орнобой эле стабилдиксиз болуп, эл бири-бири менен кырды бычак болуп, тирешип турганы буларга майдай жагат. Керек болсо кыргыздар бири бири менен кырылышып кетишсе деп турушат. Араб өлкөлөрүндө бул акмак америкалыктар арам максаттарына жетишишкен. Ал жакта бир нече Араб өлкөлөрүндө ич ара бүтпөгөн согуштарга от жагып коюп, америкалыктар бери чыга беришти. Ошон үчүн Матраимовдун камалганын кубаттап, ал эми он эсе көп жеп-уурдап кеткен Аскар Шадиевди калкалап-коргоп отурушат. Өздөрүнүн декларацияган демократиялык адилеттүү принциптери дегендери калп болуп калды го.
Булак: NazarNews.kg