www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу окурмандар сиздердин алдыңыздарга NazarNews.kg маалымат сайты буга чейин дагы уурдалган жана плагиатор ырчыларды ачыкка чыгарып келгенбиз. Мындан ары да  “Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар...” аттуу рубрикабызды тартуулай бермекчибиз. Бул рубрикадан сиздер кыргыз ырчыларынын чет элдик ырчылардын ырларын уурдап же плагиаттык кылып ырларды аткарып жүргөндөрүн жарыя кылабыз.

Кыргыз шоу-бизнесинде ырчылар көбөйдү. Бул жакшы нерсе. Бирок алардын арасында таланты бар таанышы жоктор четке сүрүлүп калып кетсе, кээ бир үнүн уксак коркуп кете турган ырчылар, компьютердин жардамы менен жылдыз болуп жүргөндөр да  жок эмес.

Акыркы жылдары коёндой окшош ырлар көп жарала баштады. Бирок, азыр ырчысы, аранжировщиги деле ильхомго карап, эмгектенбей эле даяр ырларды уурдап, хит кылып, авторлору менен иши жок которуп ырдап жүргөндөр көбөйдү. Канткен күндө да айрым ырчылар музыкалык форма, натуралдык үндүн жана музыкалык акустиканын эрежелерин сактап жүрүшсө жакшы болмок.

Эми бүгүнкү темабызга токтолсок, акыркы жылдары жылдызы “жарк” этип жанган, көпчүлүк жаштардын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон Нурлан Насип менен Самара Каримова тууралуу болмокчу.

Эки жылдыз жакында эле “Бололу бирге” деген ырды дует ырдап чыгышты. Экөөнүн оюнда аталган ырдын сөзү, казакстандык Ерболат Каракойшыныкы обону, Мерхалил Махмудовдуку. Дейин десек өзбекстандык ырчылар Жасурбек Жабборов менен Дилноза Акбарова, “Азизим” деп ырдап чыгып, ырынын тартылган клибин тээ 2015-жылы 16-ноярда эле интернетке жүктөгөн.

Сөздүн ток этээр жерине токтолсок, “Бирге бололу” деген ырды “сауна меники эмес апамдыкы” деп көпчүлүктү таң калтырган Асан мырзанын жубайы Самара Каримова аткарган, анын жанында Нурлан Насип турат. Тилекке каршы, ырды ушунчалык деңгээлге жеткире ырдаптыр дегенден алыспыз. Аны эл чечет. Самара Каримова менен Нурлан Насип “Бирге бололу” деген дует ыры, негизи “Азизим” деген аталышта экенин билишеби же билишпейби деген ой жаралат.

Эске сала кетсек, Самара Каримова буга чейин деле ырлардын сөздөрүн бузуп ырдап жүргөнүн анын клиптеринен байкасак болот. Ал тургай бул тууралуу тар чөйрөдө жана эл арасында да айтылып жүрөт.    

Эми, төмөндө үч ырдын, үч тилде аткарылган вариантын тең сиздерге сунуштайбыз. Кимисиники мыкты аткаруу болгон ага сиздер баа берсеңиздер!

Гүлжан Шерипбаева, NazarNews.kg

Последние новости