www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пусан улуттук университетинин доценти Роберт Келли бир заматта эле дүйнөгө дүң болду. Ал скайп аркылуу Би-би-сиге түз эфирде интервью берип жаткан учурда бөлмөгө балдары кирип келген окуясы социалдык тармактарда кызуу талкууларды жаратты.

Бир жагы күлкүлүү дагы, бир жагы ыңгайсыз дагы абалга туш болгон окумуштуу менен Би-би-синин алып баруучусу Жеймс Менендес маектешкен эле. Ал бул окуядан кийин кайра Келли менен байланышып, кепке тарткан.

Жеймс Менендес: Өткөн жолу сиздин үй-бүлөңүз менен таанышканга шарт жок болуп калды. Өзүңүздүн жароокер жубайыңыз, балдарыңыз менен тааныштыра кетсеңиз?

Роб Келли: Жубайымдын аты Чона Ким. Уулумдун аты Жеймс (корейче ысымы Юсок), а бул кызым Мэрион (Ена). Би-би-си менен интервью учурунда кирип келген күтүүсүз коноктор.

Жеймс Менендес: Абдан кубанычтамын, сиздерди арткы планда чуркап жүргөнүңөрдү көрүп эле койбой, сиздер менен танышууга да мүмкүндүк болду. Чона, сиз акыркы күндөрү кандай абалда жүрдүңүз?

Чона Ким: Абдан оор болду, менимче биз мындан өттүк окшойт (күйөөсү тарапты карап жылмайып), Бизде баары жакшы.

Жеймс Менендес: Бул тасма жарыялангандан кийин сиздер дүйнөдөгү эң белгилүү үй-бүлө болуп калдыңар.

Роб Келли: Ооба, биз муну такыр күткөн эмеспиз! Бизди карай комментарийлер менен суроолордун, пикирлердин көчкүсү түштү. Мен эч кимге жооп берген жокмун, эмне деп жооп беришти да билбедим. Ошондуктан кечирим сурайм.

Жеймс Менендес: Сиз өзүңүз кийин эфирди көрсөңүз керек. Менимче, бир нече жолу көрдүңүз. Сиздин артыңызда кандай сонун комедия болуп жатканын баалай алдыңызбы?

Роб Келли: Ооба, албетте! Биз бул тасманы көп жолу көрдүк. Биздин тааныштар да көрдү, бул абдан күлкүлүү болду. Бул көрүнүштүн элге жакпай жатканын да түшүнүп турам.

Жеймс Менендес: Бул комедияда эң күлкүлүү ролду Чона ойноду. Арткы планда ал Мэрион менен Жеймсти алып чыгып бараткандагы калдастап, өзүн жашырганы. Силерге бул көрүнүш да күлкүлүү болдубу?

Чона Ким: Ооба, аябай күлдүк. Бирок катуу кабатырлануу да болду...

Роб Келли: Чынында мындан кийин Би-би-си бизге эч качан коңгуроо кылбайт деп кабатырландык. Ооба, башында ошондой ой болду, биз силер менен мамилени бузуп алдык дедик.

Жеймс Менендес: Балким бул кандай болгонун айтып бересиңер? Эшик ачык калганы түшүнүктүү, мага кызык болгону Чонанын реакциясы. Балдар бөлмөгө кирип алган учурда сиз эмне менен алектенип жаттыңыз эле?

Чона Ким: Мен силердин программаны жаздырып жаткамын. Роб түз эфирден интервью берип жатканда ар дайым эфирди көрүп, жаздырып калам.

Роб Келли: Коңшу бөлмөдө телевизор бар.

Жеймс Менендес: Анда сиз коңшу бөлмөдө көрүп тургансыз. Демек, сиз бөлмөгө Мэрион кирип келгенин көргөндө жүрөгүңүз түшүп калды го?

Чона Ким: Мен дароо эле чуркадым. Ал учурда менде ойлонууга убакыт да жок эле, өзүмдү жоготуп койгондой болдум.

Жеймс Менендес: Анда сиз телевизордон түз эфирде Мэрион менен Жеймс кирип келгенин көрдүңүзбү?

Чона Ким: Ооба, баарынан кызыгы мындай скайп-интервьюлар эфирден бир аз кечигүү менен чыкканы. Мен дагы бирөөсү кирип бартканын көрүп үлгүргөн жокмун.

Роб Келли: Ортодо болжолу 20 секунд кечигүү болот. Ошондуктан менин жубайым эмне болуп жатканын толук түшүнгөн жок. Ал Мэрион кирип келгенин гана көргөн. Ошондуктан ал калдастап, учуп-күйүп бөлмөгө жетти. Эшикти бекитип койбогон менде күнөө.

Жеймс Менендес: Көптөр Чона сизди балдардын тарбиячысы, апасы эмес деп айтышты. Буга кандай карадыңыз?

Чона Ким: (күлүп) Жок, мен Робтун жубайымын. Көптөргө мен балдарды бөлмөдөн орой түрдө алып чыгып кеткендей болуп көрүнүпмүн. Бул кырдаалда колумдан келгенин жасадым да, кийин Мэриондон кечирим сурадым.

Жеймс Менендес: Сиз эфирде бейкапар жүз менен отурдуңуз. Бирок күтүүсүз коноктор кирип келгенин түшүнгөндө эмне жөнүндө ойлодуңуз?

Роб Келли: "Скайп" менен сүйлөшүп жатканда өзүңдү көрүп турасың да, ошондуктан мен Мэрион эшик ачканын экрандан көрдүм. Мен аялым байкап калып, аны бөлмөдөн алып чыгып кетет го деп үмүттөндүм. Тасмада мен колум менен кызымды тосуп жатканым көрүнүп турбайбы. Менин жумушчу бөлмөм катары кызмат кылган бул жерде балдардын оюнчуктары да бар эле. Бирдемеге алаксып турса, интервьюну эптеп жыйынтыктайын дедим. Ал эми бөлмөгө уулум кирип келгенде, эчнерсе кыла албасымды билдим. Мен силер интервьюну үзүп койосуңар го деп ойлогом.

Жеймс Менендес: Ушул жерден интервьюну үзүп койбогондугум үчүн сизден кечирим сурашым керек. Албетте, антип деле коймокмун, эгер андай болгондо мындай сонун көрүнүштөн канча киши ырахат албай калмак да. Дагы бир суроону сизге берүүгө милдеттүүмүн: сиз эмне кийип олтурдуңуз эле? Анткени көпчүлүк көрөрмандар сиз столдон турбай койгонуңузду пижамачан эле деп боолгошту. Же такыр эле шымы жок эле, анткени кеч болуп калган дешти.

Роб Келли: (күлүп шымын көрсөтөт) Жок, мен шым кийип эле тургам.

Булак: "bbc.com"

Последние новости