www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Араб уруулары жикчил террор уюму ПКК жана анын Сириядагы уландысы ПЙД менен ДЕАШка каршы армия курайт.

Сирияда террор уюмдары ПЙД/ПКК жана ДЕАШ тарабынан жерлери басылып алынган 50 араб уруусунун лидерлери, аскердик жана саясий түзүлүшкө жетиш үчүн Шанлыурфада жолукту.

Жыйналыштын темасы «Бардыгыбыз бирге иш-аракеттерибизди Асад-Орус –Иран жана Хизбуллах менен ДЕАШ жана ПЙД басып алууларын соңуна чыгарыш үчүн жумшайлы» деп жарыяланды.

Араб уруулары террор уюмдарын тазалоо үчүн «Ал-Жазира жана Эвфрат урууларынын армиясы» деп аталган аскердик уюмдашууну түзүүнү максаттагандарын жарыялады.

Анда жаңы аскердик түзүлүштүн Асад режими армиясынан кеткен офицерлер менен Эркин Сирия армиясынын командирлери тарабынан башкарыла турганы маалымдалды.

Жыйналышка катышкан уруулардын атынан ачылыш сөзүн сүйлөгөн Шуайтат уруусунун лидери шейх Рафи Эр-Рако Укла: «АКШ, ПЙДга колдоо көрсөтүүдө. ПЙДнын ДЕАШтан айырмасы жок. ПЙД, бир топ үй-бүлөнү үйүнөн ажыратты. 50дөн ашуун айылда арабдарды көчүүгө мажбурлады»,-деп айтты.

Сириялык уруу жана уруктар катары террор уюму менен күрөшүүлөрүн уланткандарын баса белгилеген Укла: «Эл аралык күчтөргө үн катабыз. Сириянын Эвфрат жана Ал-Жазира аймагын ДЕАШтын, ПЙДнын жана Асаддын террорунан тазалоо боюнча бизге колдоо көрсөтүшсүн»,-деди.

Укла, АКШнын да бул чакырыкка кулак салышын каалагандарын айтып, 3 миллион баш калкалоочуга каалгасын ачкан Түркия менен колдоо көрсөткөндөрү үчүн Катар жана Сауд Арабияга ырахматын айтты.

Укла: «Эл аралык коомчулук Сирия калкына колдоо көрсөтөт, кыргындар жана көчүрүүлөр тез арада токтойт деп ойлойбуз. Орус жана Иран басып алуусу, ПЙД,ДЕАШ жана Хизбуллах террору соңуна чыгат», - деп айтты.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости