www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт 114 мамлекеттик ишкананын жоюп, 63үн кайра түзүү боюнча чечим кабыл алды. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик ишканаларды жана мамлекеттин үлүшү бар акционердик коомдорду оптималдаштыруу боюнча жыйында билдирди.

 Анын айтымында көпчүлүк мамлекеттик ишканалар чыгашалуу болуп, коррупция, жеке кызыкылык үчүн иштеп жатат. Түпкүлүгүндө алар өлкө казынасына киреше алып келиши керек болсо, иш жүзүндө айрым мамлекеттик ишканаларга мыйзамды бузуу менен республикалык бюджеттен акча бөлүнүүдө.

 Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Болсунбек Казаков билдиргендей, республика боюнча 1130 мамлекеттик ишкана бар. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында алардын 900у иштебей турганы аныкталды.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости