www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тергөө маалыматына караганда, бул программа аркылуу дүйнө жүзүндө 11 млн компьютер вируска кабылып, жалпы чыгымдар 500 млн доллар деп эсептелүүдө.

Орусиянын жараны Марк Вартанян АКШдагы соттун алдында киберкылмыш боюнча жооп берүүдө. Бул тууралуу өлкөнүн Юстиция министрлиги кабарлады.

Интернет желесине Kolypto деген ник менен катталган Марк Вартанян өткөн жылдын декабрь айында Норвегиядан АКШга экстрадицияланган деп айтылат Юстиция министрлиги тараткан маалыматта.

Ага тагылган айыптоолордо, Вартанян "Цитадель" деген компьютердик программаны иштеп чыгууга катышканы, жыйынтыгында бул программаны иштеткен компаниялар олуттуу каржылык жоготууга туш болгону айтылат.

Тергөө маалыматына караганда, бул программа аркылуу дүйнө жүзүндө 11 млн компьютер вируска кабылып, жалпы чыгымдар 500 млн доллар деп эсептелүүдө.

Rainerfox деген ник менен белгилүү дагы бир орусиялык жаран Дмитрий Белороссов өткөн жылдын сентябрында соттолгон. Сот аны "Цитадель" программасы боюнча айыптуу деп таап, төрт жарым жылга эркинен ажыраткан.

Булак: "bbc.com"

Последние новости