www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бардык эле жерде айта бербеген сөздөр болот. Өзгөчө публичный адамдарга.Өз чөйрөсүндө мүмкүн кээде ашыкча, кээде кем, ачуу, таттуу сөздөр айтыла бериши бул турмуштун кадыресе көрүнүшү. Бирок, жазылбаган эрежелер болот. Парламент трибунасынан мисалы, же мамлекеттик массалык маалымат каржаттары аркылуу эч кандай кемсинтүүлөргө, бөлүп жарууга болбойт. Бирөө качандыр бир кезде бир сөз айтып койсо ошону туурагандар, ага ориентир алгандар көп.

Кайсы жылы, так эсимде жок, бир саясатчы, мен кудайдан башка эч кимден коркпойм; экинчиси - мен эч нерсе жеген эмесмин, тапсаңар силердики; үчүнчүсү президентиңерге айтып баргыла; дагы бирөөсү келесоолор гана элдикин жеп ичкенди билбейт; ушуга окшогон сөздөрдү көпчүлүк публичный адамдар аябай көп колдоно беришип, биздин лексиконго киргизип салышты.Бул сөздөр чындап келсек, көп деле жакшы нерселерди билдирбейт.

Мисалы,кудайдан башка эч кимден коркпоо; бул деле супер сапат эмес, эч кимден коркпогон адам, тарбиясы, табиятынан берилген адамгерчилиги жок болсо, ички тормоздору деп койобуз го, алар кээ бир учурда коом үчүн зыян алып келиши мүмкүн, себеби ал эч нерседен коркпойт да. Албетте, кудайдан корккон адамдар жаманчылык кылышы мүмкүн эмес, бирок динден, ыймандан толук кабары болсо.Мына эми, ушул көрүнүштөр бүгүн бизде талкуу болуп жатат.

Президентти да ар бир сөзүнө комментарий берүүгө аргасыз кылып жатышат. Комментарийине жаңы комментарийлер кошулуп, аягында сөз эмнеден чыкканын деле билбей калдык. Башталышы, жаңылбасам, мародерлорду аныкташтан болду эле. Анан эле, биз көпчүлүк эки жакты тең же жактап, же жектеп жатып, өзүбүзчө эле экиге бөлүнүп жатабыз. Бийлик да, оппозиция деле өз жумуштарына караганда ушул сөздөр менен көбүрөөк алектенип калышты.

Өнүккөн батыш өлкөлөрүндө жарандар бири бири менен соттошо беришет. Ал жакта бул кадимки эле көрүнүш. Кыргызча айтсак, кыларга жумуш жоктон. Чынында эле аларда кыларга жумуш жок, баары жетиштүү. Көпчүлүк эл кызмат көрсөтүү тармагында иштешет. Ал эми биз ага жете элекпиз да. Кийин, өтө өнүккөндө биз да өз кызматыбызды эсепке албай эле, саясатчылар менен эле аралашып жашоо сүрүп калышыбыз мүмкүн. Азырынча, айла жок, биринчи кезекте өз жумушубуз менен алектенешибиз керек. Саясатчылар, журналисттер үчүн бул жумуштун бир түрү. Алардыкы туура,илгери биз армияда жүргөндө, күн өтсө эле эсеп болчу. Аларда деле, күн өтсө эле иш күн өтүп жатат да.

Айтайын дегеним, бул жазгандарым тамаша катарында эле.Кээ бир окуяларды өтө эле жүрөгүбүзгө жакын кабыл ала бербесек. ФБны окугандар элдин баары эле саясатка кызыгат деп ойлошот экен. Чындыгында, ал темаларды көпчүлүгүбүз көз жүгүртүп, бир жаңылык катары гана кабыл алабыз. А кээ бир адамдар, жашоо ушул чөйрөдө эле деп ойлоп алып жаңылышат. Элдин токсон проценти, илимий изилдөөлөр боюнча саясат менен эч иштери жок. Албетте, кандайдыр бир мезгилдер болот, эл жапырт көтөрүлгөн. Калган убакта, жай турмуш, көр тиргилик.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости