www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, депутат Нурланбек Тургунбек уулу мандатын тапшырды. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.
"Урматтуу кыргызстандыктар!
Кадырлуу момун мусулмандар!
Эң оболу баарыңыздарды Ыйык Орозо айынын башталышы менен куттуктайм!
Ыйык орозо айы элибизге, касиеттүү жергебизге тынчтык, ынтымак жана ырыс-береке алып келсин!
Ошону менен катар мен өзүмдүн дагы бир олуттуу чечимимди билдиргим келет. Соңку күндөрү саясий айдыңда жеке менин дарегиме ар кандай туура эмес, такталбаган маалыматтар тарап жатат.
Касиеттүү Орозонун күнүндө жана Кудай алдында ачык айтайын, мен эч бир интригаларга, айрыкча, жетимиш беш ардагердин кайрылуусуна да, кол топтоосуна да такыр аралашкан эмесмин! Коомдо терс пикир жараткан кат Түркияга сапар тартып жаткан чагымда ММКларга жарыяланды. Тагыраагы, мен ошондо билдим. Жооп берүүгө убакыт жетпеди.
Ыйык Орозо айында мусулман бир боорлор так эмес маалыматтарды таратып, бири-бирибизге кыйбат кылбашыбыз керек. Ачыгын айтсам, акыркы мезгилдерде ден соолугум жакшы болбой, дары-дармек менен жүрдүм. Муну мени жакындан билгендер жана чогуу иштешкендердин баары эле билишет. Ошол үчүн мындан ары саясаттан оолак болуп, саламаттыгымды карап, жеке жумуштарым менен алек болуу максатында депутаттык мандатты тапшырууну чечтим. Мага чоң ишеним менен добуш берген шайлоочуларыма ыраазычылык билдирүү менен мөөнөтүмөн эрте депутаттыктан кетип жатканым үчүн кечирим сурайм.
Учурдан пайдаланып айта кетсем, мен Жогорку Кеңештин Төрагасы болуп турган мезгилде мамлекет үчүн, эл үчүн бир топ демилгелер көтөрүлүп, маанилүү мыйзамдар кабыл алынды. Албетте, ал чечимдердин баарына эле коомчулук бирдей көз карашта болгон жок.
Ошентсе да, менин ар бир сөзүм, чечимим жана иш-аракетим өзүм үчүн эмес, мамлекет үчүн, элдин кызыкчылыгы жана келечек муун үчүн жасалды.
Бүгүн биздин ишмердүүлүккө жана азыркы кырдаалга ар кандай баалар берилиши мүмкүн. Бирок мен толук ишенем - убакыт өтүп, ар бир ишке тарых өзүнүн калыс баасын берет.
Кечиримдүүлүк - бул биздин айкөл элибиздин мүнөзү. Кечиримдүү бололу. Эң башкысы кыргыз элим аман болсун. Өлкөбүзгө саясий туруктуулукту жана биримдикти тилейм!
Орозоңуздар кабыл болсун!", - деди Тургунбек уулу.