www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 19-февралында италия тараптын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу Италия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин (резиденциясы Астана шаарында) консулдук бөлүмүнүн жетекчиси Степан Кула менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар консулдук чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын, анын ичинде визалык маселелерди жана эки мамлекеттин жарандарын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу маселелерин, ошондой эле аталган тармакта өз ара аракеттенүүнү мындан ары бекемдөө боюнча пландар белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө жана Кыргызстан менен Италия жарандарынын кызыкчылыктарында кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташты.

Последние новости