www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын борбор шаары Астанада учурдагы Казак президенти Нурсултан Назарбаевдин катышуусунда «Нур Отан» партиясынын курултайы өтүп жаткан Төбөлсүздүк сарайына жакын жердеги аянтка чогулган ондогон адамдарды полиция кармап кеткени интернетте жабыла көрүлүп жатат. Окуя болгон жерде жүргөн «Настоящее время» телеканалынын кабарчысы Светлана Глушкованын айтымында, Астанада жыйналгандардын колунда кандайдыр бир жазуулар же талаптар болгон эмес.

Ушундай эле окуя Алматы шаарында да болду. Алматыдагы «Нур Отан» партиясынын кеңсеси жайгашкан жерге чогулгандарды полиция кармап кетти. Алматыда чогулгандар жумуш орундарын түзүү, элдин турмушун жакшыртуу тууралуу талаптарын айтышты. Алардын арасында «Назарбаев кетсин!» деп кыйкыргандар да болду.

Эске салсак, ушуга окшогон эле президентке карата айтылган сын-пикирлер, нааразылык акциялар байма-бай өткөрүлүп келет. Жакында эле көп балалуу энелер ушул айдын башынан бери баш калаа Астанада жана Казакстандын бир нече аймактарында нааразылык акцияларын уюштурушкан болчу. Алар жөлөкпулду көбөйтүүнү, көп балалуу үй-бүлөлөрдү турак жай менен камсыз кылууну жана башка бир катар көйгөйлөрдү чечип берүүнү талап кылышкан.

Эске салсак, Нурсултан Назарбаев советтер союзу урагандан бери эле Казакстандын президенти болуп келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости