www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн парламенттик шайлоодо “Ыйман Нуру” партиясы 50-60 миңдин тегерегинде добуш алган. Өзгөчө Нуржигит Кадырбеков шерденип, министр да болгонго үлгүргөн эле. Бир эсе демөөрчүлөрү жарашып, экинчиден, диний электоратты буруп кетишкен болчу.

А быйыл былтыркыдай каражаттары көп эмес, ар бир талапкер өзү үчүн иштеп, кыйчалыштык жаралып атыптыр.

“Какаганга муштагандай” болуп, учурда диний катмардын добуштары да төртбеш партияга бөлүнүп кетип, айтор, абал мышык ыйлачудай экен.

Ушу кезде “Ыйман Нурунун” лидери Нуржигит Кадырбековдун маанайы анча көтөрүлбөй, “бара көрөлү” деген тобокелчиликте калганы ырас.

Булак: Азия News гезити

Последние новости