www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын сентябрда Россияга барып, Владимир Путин менен сүйлөшүүгө ниеттенип жатканын The New York Times америкалык расмий өкүлдөрдүн маалыматына таянып жазды.
Гезиттин маектештеринин айтымында, Түндүк Корея менен Россиянын мамлекет башчылары 10-сентябрдан 13-сентябрга чейин Владивостоктогу Ыраакы Чыгыш федералдык университетинин кампусунда өтө турган Чыгыш экономикалык форумуна катышат. Ошондой эле, Ким Чен Ын Тынч океан флотунун Приморск флотилиясынын 33-кеме токтоочу жайына бараары айтылат.
Басылманын маалыматына караганда, Ким Чен Ын Россияга өзүнүн брондолгон поезди менен Пхеньяндан келет. Маалымат булактары Түндүк Корея лидери Москвага да барышы мүмкүн экенин четке каккан эмес.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Түндүк Корея артиллериялык снаряддарды жана танкка каршы ракеталарды алып келүүнү талкуулоого ниеттенүүдө. Өз кезегинде Ким Чен Ын Россия Түндүк Кореяга азык-түлүк жардамын берип, спутник жана өзөктүк суу астында жүрүүчү кайыктар үчүн алдыңкы технологияларды берет деп үмүттөнөт, дейт америкалык расмий өкүлдөр.
NYT агенттигинин маалыматына караганда, Россияга келүү идеясы Ким Чен Ынга июль айында коргоо министри Сергей Шойгу Түндүк Кореяга барганда келген. Россиянын аскер департаменти билдиргендей, алар глобалдык жана аймактык коопсуздук маселелерин талкуулашкан. Шойгу Корея согушунун аяктаганынын 70 жылдыгына арналган парадга катышып, Ким Чен Ын ага Түндүк Кореянын учкучсуз учактарын жана континенттер аралык ракеталарын көрсөткөн. 4-сентябрда Шойгу Россия Түндүк Корея менен биргелешкен машыгууларды өткөрүшү мүмкүн экенин айткан.
Белгилей кетсек, Ким Чен Ын буга чейин Россияда болгон. Ал Владивостокко 2019-жылдын апрель айында брондолгон поезд менен келген. Анда Түндүк Кореянын лидери Путин менен жолугушуп, эки тараптуу карым-катнаштарды, Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу, "санкция иштерине байланыштуу" темаларды, ошондой эле Россиядан Түндүк Кореяга электр линияларын, газ куурун жана мунай куурун куруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашкан.
Булак: NazarNews.kg