www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Атырау облусунун Кеңбай айылында бир гана окуучусу бар мектеп жабылганын Tengrinews.kz билдирди.
Мугалимдер жумушсуз калбоо үчүн сабак өтүүгө даяр эле,бирок аткаминерлер мектепти жабууга буйрук беришкен. Жалгыз окууч үчүн мектепти каржылоо туура эмес дешет.
Натыйжада 15 мугалим жумушсуз калган. Аларга жумуш берилет. 3-класстын окуучусу эми коңшу айылга билим алууга барат. «Район акиминин токтому менен Кеңбай айылындагы мектеп жабылды. Азыр кызматкерлерге айлык акы төлөнүп жатат. Андан кийин мугалимдерди башка ишке которуу варианттары каралат. Ал эми окуу жайдын имараты айылдык акимчиликтин балансына өткөрүлөт», — деди Атырау облусунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Айнагүл Жумагазиева.
Булак: NazarNews.kg