www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакында эле "Бузуулар тууралуу" мыйзам Өкмөт тарабынан демилгеленип, күчүнө киргендигин ким гана билбейт. Аталган токтом боюнча Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу колу коюлуп, өкмөт тарабынан бекитилип, аткарууга берилген. Бирок бул элди ызы-чуу кылган мыйзамдарды өкмөт өзү жазбай, көчүрүп алганы фактылар менен тактайлы. Себеби, бул чийки мыйзамдарды элге “тартуу” кылган өкмөт өзүнүн аппараты менен Белоруссиянын 2008- жылкы кабыл алынган токтомун которуп да койбой, башка мамлекеттин мыйзамын алганында Кыргызстан деген атка алмаштырбай бергени азыр да өкмөттүн расмий сайтында илинип турат.
Каалаган кишилер шилтемени ачып окуп, анан “Постановление Правительства КР от 21 декабря 2018 года № 603” деген аталыштын алдында жарыяланган токтомдун ичиндеги “Положение о порядке ведения” дегенди бассаңыз баарына өзүңүз күбө болосуз. Өкмөт менен эл өкүлдөрү деңгээлинин төмөндүгү мыйзам, кодекс иштеп чыкканга дараметсиз, сабатсыз экенин дагы бир жолу белгиледи. Мындай эл аралык деңгээлдеги саясий плагиат менен алек болгондор кыргыз үчүн жаны кейип, элдин эртени менен иши болбогонунун белгиси.
Булак: NazarNews.kg