www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги мамлекеттик филармонияда өтүп жаткан аймактык өнүгүү боюнча улуттук диалогдо аткаминерлерди сыртка чыгып иштөөгө чакырды деп жазып чыкты Фейсбуктагы "Цитата" тайпасы.
"Мамлекеттик кызматкерлерге кайрылып кетет элем. Иш бөлмөдө отура берүүнү токтоткула. Аймактарды кыдырып, өнөктөш, инвестор издегиле. Биз менен кызматташууга көптөгөн уюмдар кызыкдар. Алар менен иштеше билүү керек", — деди Жээнбеков.
Президент көптөгөн долбоорлорду донор жана насыя берүүчүлөр каржылагандыктан, аларды сарптоодо катуу көзөмөл болбосо "ишеничтен чыгып калабыз" деп баса белгиледи.
Булак: NazarNews.kg