www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Округдарда 35 депутатты шайлоо кандайча сунушталып жатат?

Конституциялык мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү жана 2021-жылдын 11-апрелинде референдумда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясын аткаруу максатында иштелип чыккан.

2021-жылы 28-майда Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 23-мартындагы ПБ № 33 буйругуна ылайык түзүлгөн Жогорку Кенештин депутаттарын шайлоо тартиби боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн Ведомстволор аралык жумушчу топтун чечими менен шайлоо тутумдарынын эки модели (бирдиктүү шайлоо округу боюнча ачык тизмелер менен пропорциялык тутум жана аралаш шайлоо тутуму) боюнча мыйзам долбоорлору тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна киргизилген.

Кыргыз Республикасынын Президент тарабынан аралаш шайлоо тутуму боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кенештин кароосуна киргизилген. Шайлоочулардын тизмеси боюнча:

1) Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнүнө карата жигердүү шайлоо укугуна ээ болгон, жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп саналган жана биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын бардык жарандары киргизилет (14-берене). Шайлоочунун жергиликтүү жамааттагы мүчөлүгү туруктуу жашаган жерин каттоо жөнүндө жарандын паспортундагы добуш берүү күнүнө чейин 3 ай калгандан кем эмес мөөнөттө жасалган белги менен аныкталат (1-берене). Округдардын түзүлүшү:

1) Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Борбордук шайлоо комиссиясы аныктаган тартипте тиешелүү шайлоо округдарында иштеген тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн ичинен Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан округдук шайлоо комиссиялары түзүлөт. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжалары расмий түрдө жарыялангандан кийин округдук шайлоо комиссиялары Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча ыйгарым укуктарын токтотот (12-берене).

2) Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү Борбордук шайлоо комиссиясы схемаларын жана чек араларын бекиткен шайлоо округдарында жүзөгө ашырылат. Бир мандаттуу шайлоо округдарын түзүүдө шайлоочулардын саны боюнча шайлоочулардын өкүлчүлүгүнүн орточо ченеминен, эреже катары, 15 пайыздан ашпаган жол берилген орточо ченеминен четтөө менен шайлоочулардын саны боюнча шайлоо округдарынын болжолдуу бирдейлиги сакталууга тийиш жана администрациялык-аймактык бөлүштүрүү эске алынат (13-берене).

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерди көрсөтүү жана каттоо:

1) Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча саясий партиялардан депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү ар бир талапкер көрсөтүлүүчү шайлоо округун атоо менен съезддерде жүзөгө ашырылат. Саясий партия бир мандаттуу шайлоо округу боюнча бирден ашпаган талапкерди көрсөтүүгө укуктуу (601-берене). Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча өзүн өзү көрсөтүү тартибинде депутаттыкка талапкерди көрсөтүү талапкердин Борбордук шайлоо комиссиясына ал шайлоо округу боюнча талапкерлигин көрсөтүү ниети жөнүндө арыз берүү жолу менен жүргүзүлөт.

Мында талапкер мыйзамдар менен белгиленген эсептешүү көрсөткүчүнүн миң эсе өлчөмүндө Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын эсебине өз каражатынан шайлоо күрөөсүн төгөт (601-берене). Талапкер бир шайлоо округунда гана көрсөтүлүшү мүмкүн. Бир эле талапкер бирдиктүү шайлоо округу боюнча талапкерлердин бирден ашык тизмесинде, бирден ашык бир мандаттуу шайлоо округу боюнча же болбосо бирдиктүү шайлоо округунда талапкерлердин тизмеси жана бир мандаттуу округ боюнча бир учурда катталышы мүмкүн эмес (601- жана 61-беренелер).

2) Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер шайлоо алдындагы өнөктүктү каржылоо үчүн өзүнүн шайлоо фондун түзөт. Шайлоо фонду төмөнкү акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн: - 150 000 сомдон ашпаган талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкердин өз каражаттары; - 1 000 000 сомдон ашпаган талапкерге аны көрсөткөн саясий партия тарабынан бөлүнгөн каражаттардан; - 200 000 сомдон ашпаган жеке жактардын ыктыярдуу берүүлөрүнөн; - 500 000 сомдон ашпаган юридикалык жактардын ыктыярдуу берүүлөрүнөн. Талапкердин шайлоо фондунун каражаттарынын эсебине түшкөн жана жумшалган чыгымдарынын чектелген суммасы 10 000 000 сомдон аша албайт (621-берене)..

Бир мандаттуу округда депутатты шайлоо:

1) Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көпчүлүк санын (жөнөкөй көпчүлүк добуш) алган талапкер бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаты деп таанылат (64-берене).

2) Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган Жогорку Кеңештин депутаты чыгып калган учурда депутаттын бош мандаты пайда болгондон кийин эки айдын ичинде тиешелүү бир мандаттуу шайлоо округунда чыгып калган депутаттын ордуна Президент тарабынан дайындалган жаңы шайлоо өткөрүлөт. Жогорку Кеңеш шайланган мөөнөтү аяктаганга чейин бир жыл же болбосо бир жылдан аз убакыт калганда Жогорку Кеңештин депутаты чыгып калган учурда чыгып калган депутаттын ордуна шайлоо өткөрүлбөйт (59- жана 65-беренелер).

Булак: NazarNews.kg

Последние новости