www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкүл бала өз бала…

Эмиль Жамгырчиев аттуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкери туурасында фейсбук социалдык тармагында кызуу талкуу жүрүп жатат. Ал 2018-жылы аталган кызматка капитан наамы менен келип, арадан бир жыл өтүп-өтпөй подполковник болуп алганына өздүк курам нааразы экен.

Анын мындай тездик менен өсүш жасап жатканына өкүл атасы премьер-министр Мукан Абылгазиевдин таасири күч экенин да белгилешкен. Чынында Абылгазиевдин өкүл баласынын кызматтык ишине карата таасири канчалык экени белгисиз.

Бирок Жамгырчиевдин тездик менен наам алууда секирик жасап жатканы абдан таң калычтуу жана адилеттикке жатпаган көрүнүш. Бир кезде Улан Исраилов деген капитан, милицияда төрт жылдын ичинде генерал-майор болгон эле…

Булак: "Ачык саясат"

Последние новости