www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Белгилүү акын жана жазуучу Аалы Токомбаев “Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерет” деп айткан таасын сөзү бар. Бирок, 27 жылда саясат тармагында иш алып барган билермандардын эмне кылган иши менен эскеребиз?-деген суроо жоопсуз калып келет. Өлкөнү таштап кеткен эки ажо баш болгон коррупционерлердин “качып кеткен” деп эскеребиз. Ал эми отузга чукул өкмөт башчыларды жана министрлердин кайсы кыйраткан ишин айтып эскеребиз?
Экс-мэр Албек Ибраимовдун талаа-түс, тоо-токойдон бери сатып алып байлыкка манчыркаган сапатын эскергенде не пайда? Ал эми “кыйратам-жыргатам” деп акчага мандат сатып алган депутаттардын тантыраган кептерин эскергенде кийинки муундар эмне деп айтышат? “Бир жолу алдаган кишини, экинчи жолу алдабайт” деп ким кепил боло алат?
Биздин билермандар азгырыктан башка нерсеге туруксуз экенин билебиз. Акчага азгырылган үчүн кадр системасы оңоло албай келе жатканы да чын. “Ханга сыйынган киши, анын түбүнө жетет” деп айтылгандай, качып кеткен эки ажонун да түбүнө “хоп” дегендер гана жеткенин тана албайбыз. Биз ушуларды гана эскере аларыбызды эске салабыз. Андыктан, бийлик секисиндегилер эсте кала тургандай иш кылышса, анда эмгектери эсте калат беле деген гана ой!
Бердикожо Бийназаров
Булак: NazarNews.kg