www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Авторитардык режимдин торлору кайрадан мугалимдерге тузак сала баштады. Министр Каныбек Исаковдун оюу боюнча окуучулар “онлайн” кылып жата берсин, ал эми мугалимдер мектепке барып, ошол жерден окутуш керек. Анткени мугалимдерге коронавирус жукпайт да. Экинчиден агай –эжейлер тил алчаак кимди шайла десе ошону шайлай беришет. Рахмат, ушуга башы жеткен министрге.

Төртүнчү чейректен баштап  мектептер, жогорку окуу жайлары  аралыктан (дистанциялык) окутууга өттү. Коронавирустан жаралган абалдан улам онлайн окутууга өткөнүбүз түшүнүктүү. Онлайн сабакка мугалимдер, окуучулардын даярдыгы бар экени белгилүү болду. Ошол эле учурда айрым мүчүлүштүктөр да болду. Кандай ыкманы (методиканы) тандайбыз, баалоо маселеси кандай болот деген маселелер жаралды. Бирок, бул маселелер да акырындык менен жолго салынды. Мугалим, окуучулар бири билбегенди бирине үйрөтүп, тез эле программист да боло түштү. Алар улам бир кемчиликти жоюп, артыкчылыгын баамдап, бул системада да адис боло алды окшойт.

Мугалимдер онлайнга өтүү буйругу чыгар менен, компьютерди колуна алып видео-сабак жазууга киришти. Онлайн сабак өтүүнүн артыкчылыгы мурда окуу жайга анча көзгө көрүнбөгөн, сабактарга толук катышпаган же сабакта тартынып сүйлөбөгөн балдар видео аркылуу активдүү болушканын байкалды. Көпчүлүгү онлайн-сабакты жөндөп кетишти. Алардын онлайн сабакты жөндөп кетишкендери санарипке өткөнгө пайдасы тиет десек болот. Бекеринен эки жылды катары менен санариптештирүү жылы деп жарыяланган эместир. Азыр да санариптештирүүнү өнүктүрүүнүн үстүндө иштөө маанилүү. Анткени,  заман өзү бизге кандай кырдаал болуп калышы мүмкүн экенин көрсөтүп койду.  Дүйнөнүн кээ бир мектептеринде буга чейин эле онлайн сабактар өтүлүп турган. Болгону, бизде  колдонулчу эмес. Онлайн сабак өтүүнү тез өздөштүрүп кетишкендиги элибиздин санариптештирүүгө даяр экендиги, мактоого татырлык   жакшы жагы.

Онлайн сабак өтүүнүн кемчиликтери айрым учурларда окуучу  видео-сабакка катышты делип белги көрүнгөнү менен ал сени угуп жатабы, же башка иш менен алекпи деген да маселе бар. Окуучулардын көпчүлүгү айылдарда болгондуктан, айыл жумушу бүтпөйт. Башка иштер менен алагды болоору турган иш. Дагы бир жагы интернеттин жоктугу, же анын начар иштөөсү. Интернет үзгүлтүк болгондо сабактын кайсыл бир бөлүгү угулбай, кабыл алынбай калган да жагдайлар болот. Албетте, мектептин өзүнө барып билим алган албетте жакшыраак. Окуучулар да чөйрө менен аралашканды, таанышып, баарлашканды, мамиле түзгөндү да кошо үйрөнүүсүн, билимдин жугумдуулугун эске алсак, албетте маңдай-тескей отуруп билим берүү, билим алуудан өтөөрү жок. 

Кыскасы, акыркы чейрек онлайн тибинде өтсө дагы былтыркы окуу жылы аяктыгын, быйыл окуучулар онлайнга мугалимдер мектепке барат дешет. Министр Каныбек Исаков быйылкы окуу жылында муну кантип ойлоп тапты экен?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости