www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстанда мамлекеттик басылмаларга милдеттүү түрдө жазылуу өнөктүгү башталды. Жергиликтүү маалымат булактары бул тууралуу маалымат бере элек. Бирок эл аралык, көз карандысыз булактар аталган өлкөдө окуучуларга чейин гезит-журналдарга мажбурлап жаздыруу жүрүп жатканын жазып чыгышты.

Айтылган маалыматтарга таянсак, Мары облусундагы мектеп окуучуларына «Гунеш» журналына жазылуу үчүн каникулдан кийин 14 манат (280 сом) ала келиши керектиги эскертилген.

Ал эми мамлекеттик кызматкерлер жана студенттер өкмөттүк басылмаларга милдеттүү түрдө жазылышы керек. Жазылган соң, каражат алардын айлык акысынан же стипендиясынан кармалат. Алсак, билим берүү мекемелеринин кызматкерлери жазылуу үчүн 40-50, саламаттык сактоо кызматкерлери 50-100 жана мунайгаз тармагындагы жумушчулар 50-60 манаттан тапшырып жатышат.

Түркмөнстанда гезит-журнал саткан күркөлөр аз. Жарандар мамлекеттик басылмаларды өтө сейрек сатып алышат.

Учурда өлкөдө 30га жакын гезит жана андан бир аз көбүрөөк журнал чыгат. Алардын негизги багыты мамлекеттик пропаганда жана өлкө жетишкендиктерин даңазалоо болуп эсептелет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости