www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Ислам мамлекети” террордук уюмунун башчысы Абу Бакр аль-Багдадинин денеси деңизге ташталды. Бул тууралуу Пентагондун өкүлдөрү маалымат таратты.

Маалыматка караганда, учурда террорчуну жок кылууда алынган фото-видеолорду аныктоо, ачыктоо иш-чаралары жүрүп жатат. Ал жакынкы күндөрү жыйынтыкталарын, АКШ Бириккен штаб башчыларынын комитетинин төрагасы Марк Мили атайын брифингде айтып берди. Андагы дагы бир маалыматта, операция учурунда америкалык спецназ тирүү эки адамды кармаганы айтылат. Бирок, алардын кимдер экендиги азырынча ачыкка чыкпай турганы белгиленет.

28-октябрда Багдадинин өлүмүнө тиешелүү дагы бир нече фактылар белгилүү болду. Тагыраагы, CNN каналы башкы террорчуну өлтүрүү операциясына чейин Сириядагы демократиялык күчтөр анын кийиминин кесиндисин жана канынын үлгүсүн алууга жетишкенин кабарлады. “Эми анын жардамы менен өлтүрүлгөн адам чынында ким экенин аныктоого болот”, -деп билдирген каналга маалымат берген адам.

Эске сала кетсек, Аль-Багдади 26-октябрда Сирия менен Түркиянын чек арасына жакын жерде атайын операция учурунда өлтүрүлгөн. Ал эми 27-октябрда, АКШнын коопсуздук боюнча кеңешчиси Роберт О’Брайен “ИМ” лидеринин өлгөн денеси, 2011-жылы өлтүрүлгөн Усама бен Ладендин денеси сыяктуу деңизге ыргытыла турганын айткан. Бул ыкма, башкы террорчулардын мүрзөсүн сыйынуу жайына айлантып албашы үчүн тандалып алынганы белгиленген.

Белгилей кетсек, Абу Бакр аль-Багдади 1971-жылы Ирактын Самарра шаарында төрөлгөн. Дин таануу боюнча илим алган. Америкалык аскерлерге каршы чыгууга шектелип, 2004-жылы кармалган. Бошонуп чыккан соң, жихад кыймылына кошулуп, кийин анын лидерине айланган. Ал 2014-жылы өзүн баардык мусулмандардын лидери – халиф атаган. Анын жетекчилиги менен “Ислам мамлекетти” Ирак менен Сириянын көрүнүктүү аймактарын ээлеп алышып, ырайымсыз кылмыштарды жана террордук иш-аракеттерге барып турушкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости