www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Олланд - Алиев жолугушуусу

Франциянын президенти Франсуа Олланд Европага жана Түркияга муктаж экендерин айтты. Олланд расмий сапар менен Францияга барган Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен Елисей сарайында жолугушту.

Эки өлкө ортосунда транспорт, байланыш, технология жана коомдук кызматтар тармагында кызматташтык келишимдерине кол коюлду. Олланд сүйлөшүүдөн кийин өткөргөн пресс – жыйында Европада түрк министрлеринин киришине уруксаттын берилбеши менен ортого чыккан дипломатиялык чыр – чатакка токтолду.

Франциянын президенти : «Түркия менен Европа өлкөлөрүнүн ортосундагы араздашуу сөз болууда. Биз да Европа менен Түркияга муктажбыз. Түркиянын да Европага. Бардык темаларда болгондой эле бул темада да диалогду түзүүбүз керек», - деди.

Олланд Алиев менен эки тараптуу карым – катнаштар менен Тоолуу Карабах маселесин  сүйлөшүшкөндөрүн да белгиледи.  Илхам Алиев болсо Тоолуу Карабахта статус-квонун кабыл алынбай тургандыгын баса белгилеп : «Армения басып алган жерлерден чыгышы керек. Минск группасына кирген өлкөлөр аймакта статус-квонун кабыл алынгыс экендигин айтышты. Бирок Армения  буга баш ийүүгө жакындабай жатат»,- деди.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости