www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

15-март. 2017-жыл. Би-Би-Си академиясы журналистика жана тил үйрөтүүгө арналган маалымат ресурсун кыргыз тилинде акысыз чыгара баштады.

Би-Би-Си Академиясынын кыргыз тилиндеги биринчи жаңы ийкемдүү баракчасы Би-Би-Синин журналисттик тажрыйбасына арналды. Анын ичинде редакциялык эрежелер, кыргыз тилин колдонуу, журналисттик чеберчилик жазылган, ошондой эле анда Би-Би-Сидеги жана дүйнөдөгү кыргыз тилдүү журналисттерге башка баалуу маалыматтар бар.

«Журналистика менен тил бири-биринен ажырагыс. Журналисттер адистигин үйрөнүү менен эле чектелбей, ошондой эле алар Би-Би-Си журналисттери кылдат карманган биздин объективдүүлүк, тактык жана акыйкаттык сыяктуу башкы принциптерибиздин негизинде тил стандарттарын сактоонун маанилүү экендигин билиши зарыл»,-дейт эл аралык академия сайтынын редактору Наджиба Касраи.

Кыргыз тилдүү журналисттерге котормолорду жасоо, аббревиатураларды колдонуу жана нукура кыргыз жана сырттан кирген сөздөрдү ыктуу пайдалануу боюнча баалуу кеңештер сунушталат. Анын баары Би-Би-Си кыргыз кызматынын журналистикалык бай тажрыйбасынан алынган.

Камера

«Би-Би-Си академиясынын кыргыз тилдүү сайты так жана калыс тилге баш ийүү менен, Би-Би-Синин Кыргызстандагы кабарчылары үчүн эң маанилүү ресурс болуп саналат. Мындан тышкары, бул кайсы жерде болбосун кыргыз тилдүү башка журналисттер үчүн да эң пайдалуу каражат болуп кала берет",-дейт Би-Би-Си Кыргыз кызматынын башкы продюсери Гүлнара Касмамбетова.

Бул жаңы интернет баракча үч негизги категориядан турат: тил үйрөтүү, көндүмдөр жана стандарттар. Булар Би-Би-Синин редакторлук стандарттары жана негизги баалуулуктары жазылган колдонмо. Журналисттер бул жактан материалдарды которуп жатканда же өзүнчө оригиналдуу текст түзүп жатканда жан тартпоо жана так берүү сыяктуу стандартарды сактаган тил каражаттарын таба алышат.

Телекөрсөтүү, радио жана санариптик продукциялар сыяктуу мультимедиялык көндүмдөрдүн кеңири спектрин камтыган бул сайт ошондой эле презентация кылуу, баяндама жазуу жана социалдык түйүндөр менен иштөөгө да арналган. Ошондой эле журналисттерге кыска убакытта ыкчам иштөөгө жардам берүүгө өзгөчө көңүл бурулган.

Кыргыз тилиндеги жаңы колдонмо Би-Би-Си Академиясынын 23 тилдеги эл аралык сайтынын бир бөлүгү болуп саналат. Бул Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматындагы бардык тилдердеги кызматтарды, анын ичинде Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматынын кеңейүү алкагында иштеп баштай турган жаңы тилдик кызматтарды өнүктүрүү талабына ылайык келет.

Кыргыз тилиндеги маалыматты Би-Би-Си Академия сайты аркылуу тапса болот, бул ошондой эле Би-Би-Си кыргыз кызматынын баракчасында да жайгашкан.

Би-Би-Си академиясы маалымат берүү, үйрөтүү жана куунак иштөө менен Би-Би-Синин кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүүнү максат кылат. Көп сандаган кызматкерлерибиздин тажрыйбасына таянып, биз улам өзгөрүп жаткан массалык маалымат каражаттары дүйнөсүндө өзүбүздүн чеберчилигибизди өнүктүрүп турабыз. Би-Би-Си таланттуу адамдарга алардын кайдан чыкканына карабай, окуучу, үйрөнчүк болуп, тажрыйба топтоону сунуш кылат.

Булак: "bbc.com"

Последние новости