www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Врачтар тарабынан айыктырууга болбойт деп чыгарылып, элдик дарыгер Хашим Зайналиевден дарыланып жаткан бейтаптар КР Саламаттык Министри Талантбек Батыралиевге Кайрылуу жолдошту. Бейтаптардын арасында Кыргызстандын гана эмес, Россия, Казахстан жарандары да бар.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо Министри Талантбек Батыралиевге,

“Вместе победим рак” уюмунун жетекчиси Гулмира Абдразаковага,

элдик дарыгер Хашим Зайналиевден дарыланып жаткан бейтаптардан

                                                  КАЙРЫЛУУ

                                              Урматтуу Талант Абдуллаевич!

Биз рак жана башка айыккыс делген оорулардан жабыркагандар элдик дарыгер Хашим Зайналиевден дарыланып жатканыбыз Сизге белгилүү. Улуттук Онкология борбору жана башка ооруканалар бизди чыгарып койгон. Муну да Сиз билесиз.

Жарым жылдан бери бизди дарылап жаткан Хашим Зайналиевди куугунтуктап, кодулап, массалык маалымат каражаттары аркылуу каралап келе жатасыздар. Шыпаа, жок дегенде жеңилдөө болбосо, биз бул жакка келмек эмеспиз. Биздин көз алдыбызда бир канча киши айыгып чыгып кетти. Албетте, оорусуна шыпаа таба албагандар да бар.

Силер тарабынан уюштурулуп, бул жакка келген журналисттердин бири да биздин үнүбүздү коомчулукка жеткирген жок. Тескерисинче, биз жаткан жерге келбей, биздин абалыбызды сурабай туруп, Хашим Зайналиевди бир беткей каралаган материалдарды чыгарып жатышат. Аларга да Жараткан Алла туура пикир берсин.

Сиздин кол алдыңызда иштеген айрым врачтар: “Хашим Зайналиевде дарыланып жаткандар баары бир өлөт, алар биздин көзөмөлдө”, - деп массалык маалымат каражаттарына маалымат таратып жатышат. Ошондой эле, табып алардын башын айлантып, наркотикалык заттарды берип койгон деген маалыматты да айтышты врачтар. Хашим Зайналиевди психикалык жактан жабыркагандарды дарылоочу мекемеге алып барып, тест алышты. Тескерисинче, психиатр врачтар элдик табыптан үйрөнө турган нерселерибиз көп экен. Бизге келип, лекция өтүп туруңуз деп баа беришкен.

Жумушунан айрылып калам деп корккон айрым врачтар журналисттерге Хашим Зайналиевди каралап маалымат берип, кайра бул жакта дарыланып жаткандардан келип кечирим сурап кетишти. Ал врачтардын аты-жөнүн өздөрүнүн суранычы боюнча айтпай эле койолу.

Онкология борбору колдон келгенин баарын кылып, бизди чыгарып койгон. Ачыгын айтканда, өлүмүңөрдү күткүлө дешкен. Эми ага да болбой, артыбыздан түшүп, Хашим Зайналиевден дарыланбай, үйүңөргө баргыла деп жатасыңар.

Биз башка категориядагы адамдарбыз. Бизге бир күн болсо да жашоо керек. Зайналиевден айыгып жаткандар бизге дем берип жатат. Кудай өмүрүбүздү берсе, айыгып кетээрбиз. 

Жогоруда айтканыбыздай, табыптан дарыланып кетип жаткандар көп. Бул жерде илим-билимдүү, бүт кыргызга таанымал адамдар, окумуштуулар, врачтардын тууган-уруктары да дарыланып жатышат. Бизди баштары айланган бирөөлөр жатат деп маалымат таратып жаткандар, күнөөгө батпай, бул жакка келип көрүп кетишсин.

Талант Абдуллаевич!

Дарыгерлердин биринчи максаты элди айыктыруу болуусу керек. Мамлекеттин негизги байлыгы – анын эли. Ушул конфликт башталгандан бери бул жерден айыгып чыккандардын башын куттуктап, көңүлүн көтөргөн бир да врачты көрө элекпиз. Бул жактан чыгып, атайын аппараттардан текшерилип, ракты кантип жок кылдыңыздар деп сураган врачтарга Хашимдин артынан түшүп алышпасын деп айтпай коюп жаткандар да бар. Дарыланып чыгып, жадырап-жайнап турган адамдардын көңүлүн көтөрүүнүн ордуна, аны дарылаган дарыгерди куугунтукка алуу эмне деген антигумандуулук?

Зайналиев миллиондогон сомдорду тапты деп маалымат таратып жатасыздар. Биз бул жерде көрүп жатабыз. 3 айлап акысыз дарыланып жаткандар бар. Онкологияга жатып, тыйын-тыпырынын баарынан айрылган байкуштар көп. Алар тыйын төлөмөк турсун, өздөрү табыптан тыйын алып, керектүү дары-дармектерди сатып алып жатканын көрүп жатабыз.

Эгер айыгып кетсек, дарыгерге акыркы тыйыныбызды да берүүгө даярбыз. Өмүрдөн кымбат эмне бар!

“Вместе победим рак” уюмунун жетекчиси Гүлмира Абдразакова айым!

Сиз бул жакка бир кадам да басып келген эмессиз. Адамча келип, оорулуунун абалын сураганга жарабагансыз. Биздин бирибизди да көргөн эмессиз.

Эмне максатты көздөгөнүңүздү түшүнгөн жокпуз. Зайналиевде акылы-эси жайында эмес адамдар жатат, клиниканы жабуу керек, Зайналиев алдамчы деп маалымат таратып жүрөсүз.

Келип өз көзүңүз менен көрүңүз биздин абалды. Бул жерден айыгып чыккандар менен сүйлөшүңүз. Андай адамча иш-аракет кылуу колуңуздан келбейби, анда тынч оокатыңызды кылыңыз. Бул дүйнөдө Сиз менен жолукпасак, аркы дүйнөдө Кудайдын алдында жолугабыз. Сиздин тукуруу менен Хашим Зайналиевдин клиникасы жабылып калса, дарылануу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган бейтаптардын убалы Сиздин да мойнуңузда болот.

Урматтуу Талант Абдуллаевич!

Хашим Зайналиевден айыккан адамдар Сиз менен жолугууну күтүп жатышат. Адам өмүрү деген ыйык түшүнүк сиздин жүрөктө бекем жашайт деп ишенебиз.

 

  1. Орунбеков Абдилазиз, боор. Жањы-Жер айылы
  2. Гарифуллин А. Р., Заболевание щитовидной железы, г. Уфа
  3. Љмїрбеков И. К., инфаркт. Бишкек.
  4. Бекешов Бейшенбек, инфаркт, Бишкек.
  5. Исмаилов Д., кан басым
  6. Жакшыбаев, љпкљ рагы, Ош шаары.
  7. Аширалиева С., Баткен
  8. Токталиева К. А. Жїрљк, бљйрљк
  9. Жундубаева Ж. Н. Щитовидные железы, Казакстан
  10. Жолдошева Д., жаак, љпкљ рагы
  11. Зулпиева К. Кљкїрљк рагы
  12. Мамбетова Чынара, жыныстык жагынан рак

ж.б. башка 10 дон ашык бейтаптар кол коюшкан.

Булак: NazarNes.kg

Последние новости