www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеӊеште Өкмөттүн 2018-жылдагы иши жөнүндө Премьер-министрдин отчету угууда ЖК депутаты Өмүрбек Бакиров Өкмөттүн азыркы курамынын ишине канааттанар-канааттанбасына кызыкты.

Премьер-министрдин айтымында, өкмөт мүчөлөрүнүн ар бирине өзүнүн пикри бар. “Эми, мага өкмөт мүчөлөрүнүн кимиси эмнеге жөндөмдүү экени белгилүү. Алардын деӊгээли биркылка эмес, арасында жакшылары бар, ортозаарлары бар, начарлары бар. Алардын аты-жөнүн атоо этикалык жактан туура эмес болуп калат”, - деген жообун берди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Депутат өкмөт башынын жакшы иштеп жатканын белгилөө менен бирге, азыркы өкмөт курамында Өкмөттүн ишин артка тарткан, Премьер-министрдин атына көлөкө түшүрүп, уят кылган 3-4 министр бар экенин айтып, аны ошондой аткаминерлерден азыртан эле кутулууга чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости