www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Пакистанда Хайбер-Пахтунхва провинциясында шал оорусуна каршы эмдөө жүргүзүп жаткандарды коштогон полиция кызматкерин өлтүрүп кетишти. Аны Бунер шаарында атып кетишкен.
Дагы бир полиция кызматкери Банну шаарында, шал оорусуна каршы эмдөөнү колдоорун билдиргенден кийин өлтүрүлүп кетишкен. Бирок, буга негизги себеп не болуп жаткандыгы белгисиз.
Саламаттык сактоо департаментинин билдиргенине караганда, аталган өлкөдө шал менен ооруган 2 жаңы учур катталган. Жергиликтүү жашоочулар менен айтыша кеткен эмдөө жүргүзүүчүлөрдүн бирөөнү да бычактап кетишип, ал учурда ооруканада жатат.
Өлкөдө дин өкүлдөрү жана жоочулар өкмөттүн эмдөө өнөктүгүн "балдарды стерилизациялоого багытталган батыштын кутуму" деп эсептешет.
Пакистан, Ооганстан жана Нигерия - денени сенек кылган же өлүмгө алып келген шал оорусунан эл көп жабыркаган дүйнөдөгү алдыңкы мамлекеттердин катарында.