www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн 7-апрель. 7 жыл мурунку күндү эстей турган күн. "Форумдун" алдынан милициялар менен эл кагышып, Бакиевди алып түшөбүз деп жинденип Ак үйдү көздөй бет алган күн. Ак үйдүн алдына келгенде элге ок атылып, андан да коркпой окту көздөй чуркап, курман болгон балдарды эстей турган күн. Ушунун баарын өз көзүбүз менен көрүп, зар какшап, "экинчи мындай кайталанбасын, кийинки бийликке сабак болсун!" деп ыйлаган элдин пикирин гезитке жаздык эле.
Ал күн кандай башталып, кандай бүткөнүн өз көзүбүз менен көрдүк эле. Андыктан, жаза турган, айта турган сөз көп. Ал кезде Максим Бакиевдин жанында жүргөн Сапар Исаков эмнени айтып, эмнени эскерет? Ажобузчу? 7 жыл мурун эл куткарбаса, ушул жерде турат беле? 7 жыл мурун дегеле кайсы бийлик келбесин, катуу кармашкан, ар дайым Конституция менен алпурушкан мыйзамчы депутатыбыз Өмүрбек Чиркешович Текебаев ажонун жанында туруп, бул күндү чогуу эскербей, УКМКнын СИЗОсунда отурганы ичти ачыштырат экен.
Жок дегенде бугун ажобуз жакшы сүйлөсө экен, "кузгундар" , "маңкурттар", "крысалар" дебей. УКМКнын СИЗОсунан куткарган элди эстээр бекен? Же дагы "жалгыз мен кылгам" дейт бекен? Түшүп турган маанайды ого бетер түшүрбөсө экен!
Баса, бүгүн Ирина Карамушкинанын туулган күнү!
Назира Саалиева
Булак: NazarNews.kg