www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Ата мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев партия өзүнүн идеясы, парламенттик система үчүн гана иштеп жатат деди. Саясатчы бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар менен курган маегинде айтып, жакында президенттик шайлоого катышарын жарыялап, кайра андан баш тарткан партия мүчөсү Садык Шер-Ниязды партия сүрөп чыкпаганын кошумчалады:

"Садык Шер-Нияз парламенттик башкаруу системасын колдоп, президенттик шайлоого катышууну өзү демилгелеп чыкты. Биз анын оюн колдодук. Кийинчерээк Садыр Жапаров менен жолугушуп, шайлоого катышуудан баш тартканын билдирди. Бул анын тандоосу, партиянын эмес".

Өмүрбек Текебаев октябрь окуяларынан кийин бийликти колуна алган Садыр Жапаров менен бир нече жолу жолукканын ырастады. Ал Жапаров менен сүйлөшүүлөр учурунда "эски бийлик системасын алып келбесеңер колдойм" деп айтканын баса белгиледи.

"Ата мекен" партиясынын лидери азыркы учурда сунушталып жаткан Башмыйзамга каршы экенин белгилеп, бул Баш мыйзам мурдагы кызматынан куулган президенттер өзгөрткөн Конституциясынан ашып түшөт деп билдирди.

"Бул жол бизди отуз жылга артка алып баратат. Мен бул оюмдан эч качан кайтпайм", - деди Өмүрбек Текебаев. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости