www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Өмүрзак Жолдош уулу, "Манастын уулу Семетей" көркөм фильмин тартуу тууралуу билдирүүңүз кызуу талкууланып жатат. Сценарийди орус, англис, түрк, кытай тилдерине котортуп, бир канча мамлекеттердин ири кино компаниялары менен биргелешип тартууга аракеттенип жатканыңызды жар салгансыз. Бул багытта ишиңиз кандай уланып жатат?

- Россия, Кытай, Индия, Турция, Франция, Канада өлкөлөрүнүн кино ишмерлери менен кызматташып, дүйнөлүк улуу эпосубуздун негизинде эл аралык аренага чыкчу тасма жаратууга белсенип жатабыз. Кудайга шүгүр, негизинен алар колдоого даяр экендиктерин билдиришүүдө. "Жибек жолу" ("Бир алкак - бир жол") эл аралык кызматташтык уюмунун (башкы катчысы Х.Хон) Орто Азия боюнча дирекциясы (аткаруучу директору Ж.Тапалова) ийги ниетте активдүү аракеттенүүдө. Ошондой эле, Казакстандык, Өзбекстандык, Тажикстандык кесиптештерибиз менен да иштешмекчибиз.

- "Жибек жолу"("Бир алкак - бир жол") эл аралык абройлуу уюму жакшы колдоо көрсөтө баштаганы чоң жылыш экен. Алар кандай кызыкчылыкта кызматташмакчы?

- Өткөн жылы "Жибек жолу" ("Бир алкак -бир жол") уюму Пекинде эл аралык ири кино фестиваль уюштуруп, ага катышуу убагында анын Орто Азия боюнча дирекциясынын башчысы, Казакстандын соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Кажымкан Масимов аксакал менен тыгыз кызматташтык. Ал киши биздин "Дүйнөлүк Назарбаев" даректүү тасмабыздын Россия жана Кыргызстанда тартылган биринчи бөлүмүн көрүп, анын Кытай, Индия, Турция, Европа, Америка өлкөлөрүндө тартылчу экинчи бөлүмүн "Жибек жолу" уюму тарабынан тарттырууга дилгирлик билдирди. Даярдыктар бүтүп, тасма тартыла баштаарда 80 жашка толуп жаткан эл аралык маанидеги белгилүү коомдук ишмер Кажымкан Касымович апрель айында кайтыш болуп кетти. Мен Россиялап башка кино долбоор менен алпурушуп, "Манастын уулу Семетейдин" сценарийин даярдап жүрсөм "Жибек жолу" ("Бир алкак - бир жол") эл аралык экономикалык алкак уюмунун Орто Азия боюнча дирекциясынын аткаруучу директору Жания Тапалова "урматтуу агабыз баштаган долбоорду уланталы" деп Казакстанга чакырды. Бул убакытта "Манастын уулу Семетейди" орус, англис, кытай, түрк тилдерине котортуп, Москвадагы дистрибьютерлер аркылуу ар кайсы өлкөлөрдөгү кесиптештерге сунуштап баштаган болчубуз. Кенен пикир алышууда аларга "Манастын уулу Семетей" долбоорубуз тууралуу баяндасам эл аралык кадыр-барктуу уюм колдоого алууга дилгирлик билдирди. Мындан он чакты жыл мурда Кытай тарап "Манасты" тартууга чоң каражат бөлмөк болуп токтогону бар эле.

- Демек, эми эл аралык "Жибек жолу"("Бир алкак - бир жол") уюмунун колдоосу менен "Дүйнөлүк Назарбаев" даректүү тасмасын да тарта баштамакчысыздарбы?

- Ооба. Буйруса, Кытай, Индия, Турция, Франция, Америка, өлкөлөрүнөн даректүү тасмага эпизоддорду тартып, ошону менен бирге "Манастын уулу Семетей" боюнча кеңири сүйлөшүүлөрдү жүргүзмөкчүбүз.

- Назарбаев тууралуу тасма тартып, Казакстандын. Путин тууралуу китеп жазып, Россиянын жегекчилери менен мамиле күтүүгө жетише алдыңыз окшойт. Бул ымала көркөм тасма тартууда көмөкчү болдубу?

- Казак эл башчысы Нураке тууралуу тасма аркылуу Казак парламентинин таасирлүү депутаты Бекболат Тилеухан, ал учурдагы маданият министри Арыстанбек Мухамеди улы баш болгон бир катар маданий ишмерлери менен жакын мамиле күтүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Ал эми Россиянын маданий ишмерлери менен мамиле башкача өңүттө уланды. Мен убагында 1993-1994-жылдарда Москвада Бүткүл дүйнөлүк адабият институтунун жогорку адабий курсунда угуучу катары окуп, мурдагы СССР жазуучулар союзунун ордуна түзүлгөн эл аралык жазуучулар союзунда кеңешчи болуп иштеп, бир катар тааныш арттырганым бар эле. 2012-жылы "Президент жана бомжду" коюп, 2013-жылы "Президент жана бомж-2"ге жана "Москва сүйүүсүнө" эпизоддорду тартып, ага Россиянын кино жылдыздары Александр Панкратов-Чёрный, Лев Прыгунов, Александр Песков, Бари Алибасов катышып, анда ары Россиянын ири кино компания жетекчилери жана кино прокатчылар менен аралашууга ыңгайлуу шарт түзүлгөн.

- "Президент жана бомж-1-2-3", "Москва сүйүүсү", "Миллионердин сүйүүсү", "Төңкөрүш" көркөм тасмаларыңыз баардыгы президент, министр, депутат - саясат тууралуу. Андан тышкары Казак президенти Назарбаев тууралуу даректүү тасма тартып, Россия президенти Путин тууралуу китеп чыгарып, жалаң саясат темасын козгойсуз...

- Сурооңуздун түйүнүн түшүндүм... Көп жыл райондук, областтык, республикалык бир катар саясий гезит-журналдарда иштеп, саясатка тереңдеп кирип алсам керек. Анын үстүнө СССР, социалисттик түзүлүш кулап, жаңыча турмуш аркырап киргенде Орустун таланттуу жазуучусу Валентин Распутиндин таамай белгилегени бар: "Эми адабият нугу публицистикага оойт" деп. Бул деген адабият эми саясат жагына бурулат дегендик. Сиз санаган тасмалар менин кино болуп тартылган сценарийлерим. Тартыла элек, буйруса киного айланчу дагы "Социализм трагедиясы", "Карахан таажысы", "Олигархтар" аттуу чыгармаларым бар. Аталыштары эле айтып тургандай, алар да жалаң саясатты козгойт. "Карахан таажысы" У111 -XII кылымдагы тарыхты, ал учурдагы каганды эскерет. Ал эми "Манастын уулу Семетей" мындан миң ашык жыл мурдагы бабаларыбыздын улуу турмушун, алгачкы Кыргыз каганатын баяндайт.

- "Манастын уулу Семетей"тасмасы качан тартыла баштап, элге качан тартууланмакчы.

- Буйруса, быйыл Ноорузга карата баштасак деген ниетти тилек кылып атабыз. Бул жамы кыргыз эли үчүн абдан зор, улуу жумуш. Анын үстүнө ысымдары улук улуу бабаларыбыз тууралуу баян курулмакчы. Андыктан Манас, Семетей, Сейтек, Бакай улуу бабаларыбызга, Чыйырды, Каныкей энелерибизге, кырк чорого арнап жети жылкы союп, алыс-жакындан элди арбын чакырып, улуу аш уюмдаштырып, арбактарга куран түшүрүп иш башы кылсак деген ниет түйдүк. Ошентип көп эл чогултуп Семетейдин эр жетип эли жерине, Ала-Тоого, Таласка келген эпизодун тартуу ою бар. Жараткан тилекке жеткирсе, күз мезгилинин этегине тасманы даярдоо болжолдонууда.

Маек курган Чынайым КУТМАНАЛИЕВА

Булак: “Майдан.kg”

 

Последние новости