www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 16-январда Жогорку Кеңештин жыйыныда «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Кыргызстанда элдин жашоо деңгээли эшек, ат менен бааланбаш керектигин айтты.
“Кыргыз Республикасынын жаранынын жашоо деңгээлинин жогорулашына шарт түзүп берүү өкмөттүн түздөн-түз милдети. Аны эшек, ат менен баалабаш керек. Менин пикиримде ал билим менен бааланышы зарыл”, - деди Төрөбаев.
Депутат бийлик өсүп келе жаткан муундун билимине көңүл буруу керектигин кошумчалап өттү.
Жакында эле биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов парламенттик жыйында элдин жашоо деңгээли бир кыйла жакшырганын айтып, айылдарда мурункудай чиновниктер менен жолугушууга эшек, ат менен келбей унаа менен келип жатышканын мисал кылган.
Булак: NazarNews.kg