www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Оңой оокат издегендер

Ош облусунун Араван районунда ишкерди коркутуп акча талап кылган 2 жаран кармалды.

Маалыматка ылайык, 22-июль күнү Араван РИИБине жеке ишкерди бейтааныш 2 жаран "16 миң сом бересиң, болбосо өзүңдү түрмөгө алып барабыз" деп коркутуп акча талап кылганы тууралуу кабар келип түшкөн.

"Араван РИИБинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде 22-июль күнү саат 18:00 чамасында жеке ишкерден 10 миң сом акча алып жаткан жеринен 2 жаран колго түшкөн. Алар Ош шаарынын тургуну 44 жаштагы М.Д. жана Кара-Суу районунун 43 жаштагы М.Х. аттуу тургуну болушкан. Бул боюнча кылмыш иши козголду, - дейт Факты.kg.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости