www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Центерра" Кумтөргө кайрадан кызыкты

Буга чейин ар кандай талаш тартыш жана кен казылган аймактарда алтындын көлөмү мурдагыга караганда азайып баратканынан улам "Центера" компаниясы кыргыз тарапка төлөнүүчү каржы булактарынын көлөмүн азайтууну көздөп келишкен.

Ал турсун алар ишин токтотуп кызыккан компанияга сатып кетишээри да айтылган болчу.

Бирок, "Центера" аталган кенден кетмек тургай, алтын курларынын булактарынын жаңы жактарын изилдөөгө киришкени байкалууда. Кумтөр кенин иштеткен канадалык «Центерра Голд» компаниясы кендеги чалгындоо иштерине быйыл көбүрөөк каражат бөлгөнү айтылууда.

Компаниянын директорлор кеңеши кендин аймагындагы чалгындоо иштерин жүргүзүүгө кошумча 6 миллион доллар бөлгөнү маалым болду. Мындай аракет алдыдагы алты жылда толугу менен жабылат деп айтылган кенде алтындын жаңы корун аныктоо максатын көздөйт.

Канадалык компаниянын Кыргызстандагы ишканасы - «Кумтөр Голддун» өкүлү Мирлан Кимсановдун айтымында, кенди чалгындоого акыркы жылдары жалпысынан 1 миллиард 680 миллион сом бөлүнгөн.

2018-2019-жылдарга карата кенде геологиялык чалгындоо жүргүзүүгө 18 миллиондоллар бөлүнгөн. Быйыл болсо анын үстүнө дагы 6 миллион доллар кошумча бөлүндү.

Мындай жол менен «ЦентерраГолд» компаниясы изилдөө жүргүзүп, Кумтөрдүн иштөө мөөнөтүн узартууга аракет кылып жатат. Геологиялык чалгындоо мына ушуга багытталган.

Буга чейин кыргыз өкмөтү Кумтөр 2026-жылы жабыларын жарыялаган. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ага чейин өкмөт Кумтөргө болгон экономикалык жактан көз карандылыкты толугу менен жоюунун үстүнөн иштей турганын кабарлаган, деп "Факты.kg" гезити өз пикирин коомчулукка жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости