www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Буга чейин ар кандай багыттарда чуу жаратып келген "Электр станциялар" ААКсынын айланасындагы тендер аталган мекеме тарабынан баш тартылгандыгы маалым болду.
22-июлда Мамлекеттик сатып алуулар порталына бул арыз жайгаштырылып, анда бассейн менен тренажёрдук залга электриктер 356 160 миң сомду коротууну болжоп турушкан.
Бирок, социалдык түйүн жана ЖМК аркылуу нааразычылык айтылган соң, бул мамлекеттик сатып алуулардан алынып салынып, бүгүн акционердик коом андан баш тартканын расмий сайтында жарыялашты.
«Бассейн жана тренажердук залга берилген арыз техникалык жана квалификациялык талаптардан улам алынып салынды.
«Электр станциялар» ААК жетекчилиги бул маселени тыкыр изилдеп, катаны кетирген кызматкерди жоопко тартуу каралууда», - деп жазылган маалыматта, - дейт Факты.kg.
Булак:NazarNews.kg