www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Өнүгүү” депутаты Гүлшат айым элге карама –каршы келген мыйзамдарды жаза баштады. Бул мыйзамдарды “Өнүгүү” партиясынын жетекчиси Бакыт Төрөбаев кош колун көтөрүп жактап турат. “Кыз кезинде бары жакшы, жаман катын кайдан чыгат” дегендей, депутатка талапкер кезинде бары жакшы, элдин маанайына каршы мыйзамдарды чыгарууда мыйтыңдаша калышат. Атамбаев ушундай мыйзамдарды чыгарып жүрүп каякта жатканын эсине алышса, ушул депутаттар.
Коммунизмдин моралдык кодексине ширелишкен социалисттик идеологиянын негизги таянычтарынын бири цензура болгон. Орус жандармеясынан айырмаланып, сталиндик режим убагында акыйкатты айткандарды ГУЛАГ менен тарбияласа, кийин «психушкага» салып, же чет мамлекетке диссиндент катары айдап жиберген. Кыргыз ССРи СССРдин бир субьектиси катары цензурадан четте калган эмес.
1985-жылы Горбачев тарабынан келген кайра куруу сөз эркиндигине жол ачкан. Түбү ар бир республикада бирден президент шайланып, акыры СССРдин жоголушуна алып келген. Борбордук Азия республикаларынын ичинен биринчилерден жулунуп демократияга кирген Кыргызстан 1990-жылы октябрда Акаевди президент шайлайт. Демократия менен келген Аскар Акаев сөз эркиндигине кысым жасай алмак эмес. Ал 1991-жылы, 1995-жылы эки ирет президентке шайланган соң 1997-жылы сөз эркиндигинин натыйжасында келген Кыргыз Республикасынын биринчи Башмыйзамына кол сала баштайт. 1997, 1998 жана 2003-жылдары Башмыйзамга өзгөртүүлөрдү кийирип, сөз эркиндигине тайманбастык менен тийиштик кылып, «Асаба», «Республика» сыяктуу гезиттер бутага алынган, ошонун аркасы менен 2005-жылы мартта кубаланып кетүүгө дуушар болгон.
Атамбаевдин бийлиги сөз эркиндигине тушоо салууга абдан катуу аракет кылган. Кээ бир журналисттерге сот залы күнүмдүк иши катары сезилип калган, кээ бирөөлөргө миллиондогон акчалар салынып, кээ бирөөлөр камалып, чет мамлекетке качышып, эң запкы көргөн сөз эркиндиги муунтула башталган. Ага кошумча «уважаемая» Скрипкина журналисттердин төбөсүнө токмок менен урган мыйзамдарды иштеп чыгып, депутаттан чоң кызматка секирип кетсе, журналисттер «уйпаланган тоок» сымаал кала беришкен. Күргүштөп кирген социалдык тармактар акыйкатты бетке айтып, калыстыкты кармап турган. Акыркы мезгилдерде Атамбаевдин сөз эркиндигине салган тескери көз карашы бир аз сээлдеп, журналисттер деле «желмогуз», «жаналгыч» эмес эле кадимкидей адамдар экени билине баштады.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg